ДРОМОС
ДРО́МОС – 1–5-кылымдарда Евразия чөлкөмүндө жашаган көчмөн уруулардын көрлөрүндөгү катакомба жана подбой казанактарына алып баруучу айдөш казылган жабык коридор. Дромостордун узундугу 4–6 мге чейин жетип, жер алдындагы эңкейиш жасалган узун коридорлор аркылуу сөөктү казанакка (катакомбага) алпарып коюу үчүн ылайыкташтырылган. Байыркы дромостор Грекиянын Эгей жана Этрус маданиятынын табыт коюлуучу жайларынан кездешкен. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Кара деңиздин түндүк жээктеринде, Ташкент жана Бухара оазистеринде жана Казакстандын түндүк райондорунда көп кездешет. Кыргызстанда дромостуу көрүстөндөр Чаткал, Талас, Кетмен-Төбө, Баткен жана Алай өрөөндөрүндө кеңири тараган. Дромос хунн урууларына таандык деп эсептелинет.
А. К. Абетеков.