ДУБАЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:48, 15 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДУБА́Й , Д и б а й – Бириккен Араб Эмирликте­ри мамлекетиндеги шаар. Араб жарым аралынын түндүк - чыгышында. Перс булуңундагы порт. Дубай эмирлигинин административдик борбору. Калкы 3,3 млн (2020). Эл аралык аэропорту бар. Нефть казып алуучу аймактын борбору. Алюминий заводу, ке­мени кургакта ремонттоочу дүйнөдөгү эң ири ку­рулма (кургак док) иштейт.