ДУДИНКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:21, 16 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДУДИ́НКА – Россиядагы шаар (1951-жылдан). Таймыр (Долган-Ненец) автономия округунун административдик борбору. Енисей дарыясынын төмөнкү агымын­дагы деңиз порту. Норильск шаарынын аванпорту. Темир жол бекети. Калкы 20,45 миң (2023). Балык заводу иштейт. Мекен таануу музейи бар. 1667-жылы негизделген.