ГРЕК ЖАЗУУСУ
ГРЕК ЖАЗУУСУ – финикия жазуусунун негизинде түзүлгөн грек алфавитинин жазуусу. Болжол м-н б. з. ч. 9–8-к-да пайда болгон. Г. ж-нун эӊ байыркы эстеликтерине Афиныдагы дипилон жазуусу ж-а Ферадагы жазуу (б. з. ч. 8–7-к.) кирет. Кабыл алынган белгилери ж-а алардын типтери б-ча байыркы фригия алфавиттик

жазуусуна (б. з. ч. 8–7-к.) жакын. Г. ж. үнсүз тыбыштарды гана белгилөөчү тамгалардын болгондугу м-н өзгөчөлөнөт (мис., семит жазуулары). Үндүү тыбыштарды белгилеген тамгалар да колдонулган. Жазуунун өнүгүшүнүн бул жаӊы этабы жалпы мад-ттын өнүгүшүндө өзгөчө роль ойногон. Алфавиттик жазууга чейин гректер муун жазуусун колдонушкан (мис., крит жазуусу). Грек алфавиттик жазуусу эки бутакка: чыгыш ж-а батыш Г. ж-на бөлүнгөн. Чыгыш Г. ж. кийинчерээк классикалык грек, византия, гот, славян, кириллица, армян жазууларынын түзүлүшүнө, ал эми батыш Г. ж. этруск, латын ж-а байыркы герман рун жазууларынын түзүлүшүнө негиз болгон. Классикалык жалпы грек алфавити 27 тамгадан туруп, б. з. ч. 5–4-к-дагы Г. ж-нун ион (милет) түрүнүн негизинде түзүлгөн. Солдон оӊго карай жазылат. Жаӊы грек алфавити 24 тамгадан турат.