ДУЭРО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:19, 16 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ДУЭ′ РО to ДУЭРО) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДУЭРО (португалча Douro, испанча Duero; кельт тилинде dur – дарыя, суз) – Пиреней жарым аралында­гы дарыя. Испания м-н Португалияда. Узундугу 925 км, алабынын аянты 95 миң км2дей. Иберия тоолорунан башталып, Эски Кастилия бөксө тоосун кесип өтөт. Деңиз боюндагы ойдуңду көз­дөй агып, каньонду пайда кылып, Атлантика океанына куят. Орточо чыгымы 700 м3/сек (Пире­ней жарым аралындагы суусу эң мол дарыя), кышында, жазында кирет. Суу сактагыч, ГЭС бар. Чатынан 200 км аралыкка чейин кеме жүрөт. Жээгинде Со­рия, Самора (Испания), Порту (Португалия) ж. б. шаарлар жайгашкан.