ДЭЭР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:19, 8 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЭЭР – адам акыл-эсинин уюткусу, негизи. Кыр­гыздар дээрди тубаса касиет деп эсептешет. Адам­дын дээринде болбосо, жүргүзүлгөн таалим-тар­бия, айтылган, берилген акыл-насаат анча жук­пайт, жемиши аз деп түшүнүшөт. Адамдын дээриненби же тарбиясынанбы – бул маселе гу­манитардык илимдерде азыркыга чейин талаш-­тартышка түшүп келет.