ДҮЙШЕЕВ Кеңешбек

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:53, 17 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДҮЙШЕЕВ Кеңешбек Муктарович (02. 6. 1963, Чүй обл., Аламүдүн р-ну, Орто-Сай айылы – 25. 2. 2003, Бишкек) – спортчу (бокс), КРдин эл ара­лык класстагы спорт чебери (1993), КРдин 7 жол­ку чемпиону, СССР чемпионатынын 3 жолку байге ээси (1989–91). Түркия ж-а Индонезия өлкөлөрүндө өткөрүлгөн эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү. ¹15 кесиптик-тех. окуу жайын (1981), КМДТИ-ни (1989) бүтүргөн. Бокс м-н 11 жашынан ма­шыккан. 1990-жылдан Бишкекте машыктыргыч катары эмгектенип, 30дай спорт чеберин ж-а эл аралык турнирлердин көптөгөн жеңүүчүлөрүн ж-а КРдин чемпиондорун (а. и. Азия оюндары­нын катышуучулары бар) даярдаган.