ДҮЙШЕЕВ Шайлообек

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:53, 17 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДҮЙШЕЕВ Шайлообек (23. 2. 1950-ж. т., На­рын обл, Ат-Башы р-ну, Ат-Башы айылы) – акын, журналист, Кыргыз эл акыны (2005), Кырг-н жазуучулар союзунун башкармасынын

ж-а КРдин Токтогул атн. мамл. сыйл. ыйгаруу к-ти­нин мүчөсү (2005). КМУнун журналистика бөлүмүн бү­түргөн (1980). Ат-Башы р-нун­да пионер вожатый, куруу­чу, жумушчу, 1980–83-ж. «Нарын правдасы» гезитин­де кабарчы, КРдин телера­дио к-тинде редактор, 1983– 91-ж. Кыргыз филармония­сынын адабий бөлүмүнүн, 1991–93-ж. «Ала-Тоо» журналында бөлүм баш­чы, 1993-жылдан «Асаба» гезитинин башкы ре­дакторунун биринчи орун басары, кийин «Агым», «Алас» гезиттеринде, «Жетимен» журналында иштеген, 2006-жылдан «Азаттык» радиосунун кабарчысы. Д. «Аптап» (1985), «Сүйлөшкөнгө чейинки сөз» (1989), «Кайдыгерлик» (1991), «Тайгүлүк» (1991), «Арабадагы ыр» (1999, 2001), «Шакен азган» (2004) аттуу ыр китептердин ав­тору. «Кайдыгерлик» деген ыр жыйнагында кыр­гыз жеринин жаратылышынын кайталангыс сү­рөттөрү, поэтикалык жан дүйнөсү, бүгүнкү күн­дүн проблемалары, элине болгон арман, сүйүү сезими курч сөздөр, ирониялар м-н кайра ку­руу, ачык айтуу учурунда турмуш чындыгынын актуалдуу маселелерин күн тартибине курч кой­гон. Ырларында коомдогу ж-а турмуштагы кем­чиликтерди, терс көрүнүштөрдү таамай сүрөттө­гөн. «Эне тилин унуткандар» деген ырында эне тилинен ажырап, маңкурт болуп калган ырдын каарманы Муратты күнөөлөбөй, тескерисинче, жалпы коомчулук, бийлик ээлери күнөөлүү экен­дигин ачык айтат. Д. «Жетимен» кайрымдуу­лук фонду тарабынан негизделген Б. Сарногоев атн. эл аралык адабий сыйл. туңгуч лауреаты (2005). Медалдар м-н сыйланган.