ДҮЙШЕЕВ Кеңешбек

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:10, 17 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ДҮЙШЕЕВ 2 to ДҮЙШЕЕВ Кеңешбек) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДҮЙШЕЕВ Кеңешбек Муктарович (02. 6. 1963, Чүй облусу, Аламүдүн району, Орто-Сай айылы – 25. 2. 2003, Бишкек) – спортчу (бокс), КРдин эл ара­лык класстагы спорт чебери (1993), КРдин 7 жол­ку чемпиону, СССР чемпионатынын 3 жолку байге ээси (1989–91). Түркия ж-а Индонезия өлкөлөрүндө өткөрүлгөн эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү. № 15 кесиптик-техникалык окуу жайын (1981), КМДТИун(1989) бүтүргөн. Бокс м-н 11 жашынан ма­шыккан. 1990-жылдан Бишкекте машыктыргыч катары эмгектенип, 30дай спорт чеберин ж-а эл аралык турнирлердин көптөгөн жеңүүчүлөрүн ж-а КРдин чемпиондорун (анын ичинде Азия оюндары­нын катышуучулары бар) даярдаган.