ДҮЙШӨ
ДҮЙШӨ Жанай уулу (1887, Нарын облусу, Ат- Башы району, Кара-Суу айылы – 1983, ошол эле жер) – манасчы. Кыпчак уруусунан, элдик оозеки чыгармалардын үлгүлөрүн арбын билген. Жамактатып ыр айтып, айылдагы келин-кесектерге кошок үйрөтүп, эл арасында айтылган дарым, бата, ырым-жырым ырларын үйрөнүп айтып жүргөн. «Манас» эпосуна кызыгып, берилип угуп, өзү да айта баштаган. «Манас» айтып калуусун кереметтүү түш көрүү м-н байланыштырган. Дүйшө «Манастын төрөлүшү», «Бала чагы», «Алтайдан көчүшү» сыяктуу эпизоддорду айткан. «Көкөтөйдүн ашын» кара сөз м-н кыскача жалпы окуянын мазмунун берген. Окуянын курулушу, айрым кырдаалдык көрүнүштөр, мотивдик байланыштары боюнча Дүйшөнүн варианты негизинен С. Орозбаковдун вариантына жакын. Дүйшө «Манастын төрөлүшүнөн» баштап, Айкожодон аманатын алган жерине чейин айткан. «Жети кандын кеңеши» эпизодунда кандардын Манаска элчи жиберип, анан кыргыз колунун Бээжинге аттанып жөнөгөн жерине чейин баяндалат. «Айчүрөктүн түшүндө» Айчүрөк Семетейдин чоролору Күлчоро менен Канчоронун келиши тууралуу көргөн түшүн жорутканына чейин айтылат. Дүйшөдөн мындан тышкары элдик оозеки чыгармалардын башка үлгүлөрү да жазылып алынган.