ДҮЙШӨБАЕВ Талант

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:35, 17 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ДҮЙШӨБАЕВ to ДҮЙШӨБАЕВ Талант) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДҮЙШӨБАЕВ Талант Ибраимович (2. 6. 1968- жылы туулган, Фрунзе) – дүйнөгө таанымал спортчу, эмгек сиңирген спорт чебери. Борбордук Азия тарыхында кол топ (гандбол) боюнча Олимпия оюндарынын 1-чем­пиону. Кол топ м-н 1980-жылдан А. Л. Гагу­линден машыга баштап, Бишкек шаарындагы



Т. Дүйшөбаев оюн учурунда.

өспүрүмдөрдүн атайын спорт мектебинде тарбия­ланган. ФПИде окуп жүргөндө СССР курама ко­мандасына кирген, 1989–92-жылдарда Москванын ЦСКА командасында ойноп, КМШ өлкөлөрүнүн кол топ боюнча курама командасынын капитаны болгон. Россиянын, Испаниянын ж-а Германиянын клубдарында ойногон. СССРдин, Европанын (Чемпиондор лигасы, 1994), Дүйнөнүн (Швеция, 1993), Олимпия оюндарынын (Барселона, 1992) чемпиону. 1993-жылдан Испанияда жашайт. Ис­пания спорт институтун бүтүрүп, кол топ боюнча ошол өлкөнүн курама командасынын капитаны. Ат­ланта Олимпиадасында (1996) Испаниянын ку­рама командасын кол топ боюнча тарыхта бирин­чи жолу 3-орунга жеткирген. 1990-жылы Сиэтл шаарында (АКШ) болуп өткөн «Игры доброй воли», 1991-жылы Барселонадагы Олимпия алдындагы оюндардын жеңүүчүсү; Испания суперкубогунун (1992–94) ээси; 1992–94-жылдарда Испания чемпиону; 1995–97-жылдарда Испания кубогунун, клубдар арасын­дагы дүйнө кубогунун жеңүүчүсү; 1996-жылы Евро­па биринчилигинин (Испания) күмүш, Олимпия оюндарынын коло, 1998-жылы Европа чемпиона­тынын (Италия) күмүш медалынын ээси. 1994– 96-жылдары «Handbal World Magazine» журна­лынын иликтөөсү боюнча дүйнөнүн, Исландия (1995) ж-а Японияда (1997) болуп өткөн дүйнө чемпио­натында, Европа биринчилигинде (Испания; 1996) мыкты оюнчу катары таанылган. Медал­дар м-н сыйланган.

К. Исмаилов.