ДҮЙШӨБАЕВ Кеңешбек
ДҮЙШӨБАЕВ Кеңешбек Асанбекович (8. 7. 1957-жылы туулган, Чүй облусу, Кемин району,

Боролдой айылы) – милициянын генерал-майору (1997). СССР ИИМдин Караганды жогорку мектебин (1978), СССР ИИМдин академиясын (1987) бүтүргөн. 1978-жылы Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү, 1979–85-жылдарда Кыргыз ССР ИИМдин тергөө башкармалыгында тергөөчү, улук тергөөчү, 1987–93-жылдарда Кочкор р-ндук ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары, 1993–97-жылдарда Ысык-Көл шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниги, 1997–2000-жылдарда КР ИИМдин башкы штабынын начальниги, 2000– 01-жылдарда КРдин Улуттук коопсуздук министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын начальниги, 2001–02-жылдарда КР ИИМдин орун басары, министрдин милдетин аткаруучу, 2002–04-жылдарда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги, КР ИИМдин министринин орун басары, 2005-жылдын 23–25-мартында КР ИИМдин министри болуп иштеген. Милициянын отличниги. Медалдар м-н сыйланган.