ДӨБӨ-КОРГОН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:32, 8 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДӨБӨ-КОРГОН – IX–XII кылымдарга таандык шаар кал­дыгы. Араван суусунун сол жээгинде, азыркы Дөбө-Коргон айылынын батыш тарабындагы Мазар-Дөбө шаарчасынын түштүк жагында жай­гашкан. Дөбө-Коргондун түштүк бөлүгү жогору көтөрүлүп турат. Археологиялык казуу учурунда орто кылымдарга таандык карапа идиштер табылган. Бул эсте­ликти 1957-жылы археолог Ю. А. Заднепровский изилдеген.