ДӨДӨМӨЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:46, 18 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДӨДӨМӨЛ – Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы кыштак. Тогуз-Торо айыл өкмөтүнө караштуу. Нарын дарыясынын оң жээгинде, деңиз деңгээлинен 2080 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Казарман кыштагынан 45 км чыгыш тарапта, Ба­гыш темир жол бекетинен 151 км. Калкы 1046 (2022); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мек­теп, китепкана, клуб, айылдык врачтык амбу­латория бар. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры И. Нураков туулган.