ЕВРАЗИЯЧЫЛЫК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 21 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЕВРАЗИЯЧЫЛЫК , Е в р а з и я ч ы л к ы й­ м ы л – 20-кылымдын 20-жылдарында россиялык эмиграциянын чөйрөсүндө пайда болгон коом­дук-саясий ж-а идеялык агым. Башкы идео­логдору: Н. С. Трубецкой, П. Н. Савицкий, Г. В. Флоренский (кийин четтеп кеткен), Л. П. Карсавин, Г. В. Вернадский, Н. Н. Алек­сеев. Негизги максаты: Россия бир мезгилде им­перия ж-а улут катары өнүккөн улуу евразия­лык держава. Демек, орус улуту – империялык улут. Россия – европалык цивилизациянын чет ­жакасы эмес, чыгыш ж-а батыш маданияттарынын жетишкендиктерин өзүнө камтыган, өз алдын­ча цивилизация. Алар өздөрү жөнүн дө «Чыгышты көздөй бет алып» деп аталган программалуу эмгек аркылуу (София, 1920) жарыялашып, кийинки жылдары бир нече көлөмдүү жыйнак­тарды, «Евразия» гезитин, «Версты» журналын жарыкка чыгарышкан. Бул кыймылдын бор­борлору Софияда, Прагада, Берлинде, Бел­градда, Брюсселде, Харбинде, Парижде болгон. Бул агымдын негиз салуучуларынын ою боюнча Евразия – бул өзгөчө «ортолуктагы материк» болуу м-н Хингандан Карпатка чейин созулат да, Батыш Европадан да, түштүк-чыгышка чек­теш өлкөлөрдөн да айырмаланат. Евразиячыл болууга андагы элдердин географиялык жактан гана жа­кындыгы эмес, менталитеттеринин окшоштук­тары да бириктирет. Евразиялык элдердин ру­ханий жактан жакындыгы ж-а тарыхый таг­дырларынын жалпылыгы алардын маданиятынын аралашмасын, азыркы тил м-н айтканда бир­диктүү рухий мейкиндикти түзмөк. Бул кый­мылдын идеологдору ушундай болуу сөзсүз шарт деп эсептешкен. Улуттук принципке таянган маданият гана «адам рухун жогорулатуучу дөө­лөттөргө» өбөлгө болмок. Демек, алардын ою боюнча, ар кандай улуттук маданият диний кыртыш­тан өнүп чыгат. Ушул мааниде алар Евразияда таралган православиеден, исламдан ж-а буддизм­ден бир катар, айрыкча, адеп-ахлактык, этика­лык жалпылыктарды көрүшкөн.