ЕВРЕЙЛЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:06, 21 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЕВРЕЙЛЕР (өздөрүн йегудим, идн деп ата­шат) – эл, Израилдин негизги калкы. АКШ, Франция, Россия, Украина, Улуу Британия, Ар­гентина, Канада, Бразилия, Беларуссия, Венг­рия, Бельгия, Италия, Нидерланд, Германия, Молдавия, Иран, Мексика, Австралия, Швей­цария, Румыния, Индия, Түркия, Уругвай, Чи­ли, ТАРда да жашашат. Жалпы саны 13,3 млн киши, анын ичинде Израилде 5,4 млндой (2006). Еврейлер ив­рит, идиш, ошондой эле жашаган аймактагы жергиликтүү калктын тилинде сүйлөшөт. Негизинен иудаист­тер. Еврейлер диаспорада ашкеназ ж-а сефард болуп бөлүнүп, 2-дүйнөлүк согуш алдында ашкеназдар калктын 90%ин түзгөн. Еврей этносу б. з. ч. 2- миӊ жылдыкта Ханаан (азыркы Израиль) ай­магында калыптанган. Б. з. ч. 1-миӊ жылдык­та байыркы еврей мамлекеттери – Израиль ж-а Иудея падышалыктарын Ассирия (б. з. ч. 722-жыл) ж-а Вавилония (б. з. ч. 586-жыл) багындырган соӊ, Еврейлер дүйнө жүзүнө жер которуп, тарап кет­кен. Еврейлердин бир бөлүгү Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африка ж-а Түштүк Европа, анын ичинде байыркы түрк мамлеке­ти Хазар кагандыгынын аймактарына отурук­ташкан. Орто кылымдарда Еврейлер Европа м-н Азия аймактарына көчүп келип, жергиликтүү калктар м-н аралашса да, өздөрүнүн динин, маданий-тири­чиликтик өзгөчөлүктөрүн сактап калган. 2-дүй­нөлүк согуш убагында гитлерчилердин Еврейлерди кы­рып-жоюуга багытталган саясатынын негизин­де 6 млн чамалуу Еврейлер набыт болгон. Согуштан кийин европалык Еврейлердин көпчүлүгү АКШ ж. б. өлкө­лөргө кетүүгө мажбурланган. 1948-жылы БУУнун Генералдык Ассамблеясынын чечими боюнча Из­раиль еврей мамлекети түзүлгөн. Шаар жериндеги Еврейлер дубал м-н курчалган кварталдарда (гетто, жу­дерия, меллах, махалля) жашашкан. Еврейлердин си­нагогия ибадатканасы, ырым-жырым мончосу (миква) болгон. Эркектер туника типтүү көйнөк, кара шым, дуба окууга ылайык саймаланган ко­стюм (талит, талес, арбаканфес), узун чапан, каф-



Бухар еврейинин үй-бүлөсү.

тан (лапсердак), башына атайын баш кийим (кипа, ермолка) кийип, маӊдайына бир тутам чач өстүрүп, сакал коюшат. Аялдар башына кеп­чач киет. Тамак-ашы – негизинен ун, балык, куш эти. Еврейлер 19-кылымдын 2-жарымында, өзгөчө Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Кыргызстанга көчүп келе баштаган. Учурда өлкөбүздө 1,5 миӊ еврей жашап, ар кайсы тармакта эмгектенет. 1990-жылы Кыргызстан Еврей маданият коому – «Менора» (демилгечи Эсфирь Серебро, 1996-жылдан төрагасы Б. М. Шапиро) түзүлгөн. Еврей мектептери, «Хэсэд Тиква» фонду, синагогия коому иштеп, «Мааян» гезити чыгарылат.