ЕВРОВАЛЮТА
ЕВРОВАЛЮ́ТА (англ. еurocurrency) – европа өлкөлөрүнүн биринде жайгашкан‚ бирок ал өлкөнүн улуттук валютасы болуп эсептелбеген валюта. Мисалы‚ Швейцария банкында депонирленген доллар евродоллар; Германияда депонирленген иен евроиен деп аталат ж. б. Евровалюта кредиттерди ж-а карыздарды берүүдө пайдаланылат; Евровалюта рыногуна көбүнчө эл аралык сооданы финансылоо ж-а чет өлкөлүк инвестициялар үчүн өтүмдүү каражаттардын арзан ж-а ыӊгайлуу түрүн алууга мүмкүнчүлүк берет. Негизги карыздакорлор ж-а кредиторлор коммерциялык банктар‚ ири компаниялар ж-а борбордук банктар болуп саналат. Депозиттер ж-а ссудалар көбүнчө кыска мөөнөттүү болот.