ЕВРОПА АРАЛЫ
ЕВРО́ПА АРАЛЫ Франциянын ээлиги (1897- жылдан). Инди океанындагы Мозамбик кысыгында жайгашкан. Аянты 28 км2. Туруктуу жашаган калкы жок. Аралда анча чоӊ эмес аскер гарнизону ж-а метеостанция бар. Кийинчерээк станция автоматташтырылып, анда иштеген кызматкерлер өз мекенине кайтышкан. Убактылуу жай мезгилинде гана иштеген (узундугу 1 км) аэропорту бар. Табигый ландшафты өзгөрбөй сакталган арал. Ал мангр токою м-н капталган. Кокос пальмасы көп өсөт. Улуттук корук. Жапайы эчки кездешет. Океандан аралга миӊдеген жашыл таш бакалар чыгып, жумурткалайт.