ЕВФРАТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:48, 23 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЕВФРА́Т – Түркия, Сирия, Ирак аймактары аркылуу аккан дарыя. Мурат ж-а Кара-Суу дарыяларынын кошулушунан пайда болот. Узундугу (Мурат дарыясынын башталышынан Тигр м-н кошулганга че­йинки) 3065 км, алабынын аянты 673 миӊ км2. Армян тайпак тоосунан башталып, Жезире пла­тосу, Месопотамия ойдуӊу аркылуу агат. Төмөн­кү агымында Тигр дарыясына кошулуп, Перс булуӊу­на куйган Шатт-эль-Араб дарыясын түзөт. Жазында ташкындап, жайында тартылат. Орточо чыгымы Хит шаары тушта (ушул жерден баштап кеме жүрөт) 840 м3/сек, төмөн жагында 300–400 м3/секга че­йин азаят. Негизинен сугатка пайдаланылат (Месопотамия ойдуӊундагы жээктеринде оазис­тер көп). Евфратка Кебан (Түркия), Табка (Сирия) гидротүйүндөрү курулган. Боюнан Бирежик (Түркия), Эр-Ракка, Дейр-эз-Зор (Сирия), Эр-Ра­мади, Эль-Фаллужа, Эль-Куфа, Эс-Самава, Эн-Насирия (Ирак) шаарлары орун алган. Евфрат м-н Тигр-

Евфрат. Сириядагы Дейр-эз-Зор шаары тушта.

дин аралыгы байыркы цивилизациянын очо­гу болуп (к. Шумер, Ассирия, Вавилония мака­лаларын), байыркы Вавилон шаары Евфраттын боюнда турган.