ЕКАТЕРИНА
ЕКАТЕРИ́НА II Алексеевна [21.4 (2.5).1729,
Штеттин ш. – 6 (17).11.1796, Царское Село (азыркы Пушкин ш.)] – Россия императору (1762–96). Немис принцессасы, өз аты Софья Фредерика Августа Анхальт-Цербстская. 1744-ж. Россияга келип, Екатерина Алексеевна аталган. 1745-ж. император Пётр IIIгө турмушка чыккан. 1762-ж. 28-июнда бир тууган Орловдордун жетекчилигинде гвардияга таянуу м-н сарай төӊкөрүшүн уюштуруп, күйөөсүнүн ордуна бийликке келген. Өз заманынын алдыӊкы ойчулдары – Дидро ж-а Вольтер м-н кат алышып турган ж-а алардын философиясына ылайык башкарууну каалаган. 1775-ж. губерниялык башкаруу б-ча реформа жүргүзүп, жер-жердеги бюрократиялык аппараттарды бекемдеген. 1785-ж. жарыяланган «Дворяндардын сый грамотасы» сыяктуу чаралары дворяндар өкмөтүнүн бийлигин чыӊдаган. Крепостнойлук укуктун андан ары бекемделишинен келип чыккан Е. И. Пугачёв баштаган дыйкандар согушун (1773–75) аёосуз баскан. Е. IIнин тушундагы Түркия м-н болгон согуштардын жыйынтыгында Россия флоту Кара деӊизге чыгууга мүмкүнчүлүк алган, Түн. Кара деӊиз бою, Крым, Кубань каратылган. 1783-ж.
Чыгыш Грузияда Россия протектораты орногон. Е. II Речь Посполитаны (Польшаны) үч жолу (1772, 1793, 1795) бөлүүгө катышып, Батыш Украина ж-а Беларуссиянын көп жери, Литва Россияга өткөн. 1786-ж. 15-мартта Петербург ш-нда Е. II Абдырахман Кучак уулу жетектеген кыргыз элчилигин кабыл алган. Алар императорго Атаке бийдин атынан жазылган катты ж-а баалуу белектерди тапшырышкан. Катта кыргыз бийи орус император айымды урматтай


турганы, кыргыз жери аркылуу орус кербендеринин эркин өтүшүнө, алардын коопсуздугун коргоого кепил болору айтылган. Е. II жооп катары Атакеге 800 рубль күмүш акча белек берип жиберген.
Ад.: Тарле Е. В. Екатерина Вторая и её дипломатия. Ч. 1–2. М., 1945; Мадарнага И. Екатерина Великая и её эпоха. М., 2006.