ЕНИСЕЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:58, 25 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЕНИСЕ́Й , (эвенкиче Иоанеси, сөзмө сөз – чоӊ суу, дарыя маанисинде) – Азиядагы суусу мол эӊ ири дарыялардын бири. Россиянын Красно­яр крайында, жогорку агымы Тувада. Негизи­нен Батыш ж-а Чыгыш Сибирди бөлүп, түндүктү карай агат да, Кара (Карск) деӊизинин Енисей булуӊуна куят. Чоӊ Енисей (Бий-Хем) м-н Кичи Енисейдин (Ка-Хем) кошулушунан түзүлөт. Узундугу 3487 км (Кичи Енисейдин башталышынан 4102 км, Чоӊ Ени­сейдин башталышынан 4092 км), алабынын аян­ты 2580 миӊ км2. Тува ойдуӊу аркылуу аккан бөлүгүндө Жогорку Енисей (Улуг-Хем) деп аталат. Батыш ж-а Чыгыш Саяндан өткөндөн кийин Батыш Сибирь түздүгү м-н Орто Сибирь бөксө тоосунун чек арасы боюнча агат. Енисей токол тоо­сунун тармактарында Казачье ж-а Осина босо­голорун пайда кылат. Төмөнкү агымында салаа­ларга бөлүнүп, нугунун жазылыгы 15–20 кмге жетет, тереӊдиги 15 мден кем эмес. Енисей негизи­нен кардын эриген суусунан (83%) куралат; куралышындагы жамгыр суусунун үлүшү 8%, жер астындагы суунуку 9%. Негизги куймала­ры: Туба, Кан, Ангара, Таштуу Тунгуска, Төмөнкү Тунгуска, Курейка, Хантайка (оӊ куй­малары); Хемчик, Абакан, Турухан, Кичи ж-а Чоӊ Хета, Танама (сол куймалары) ж. б. Суусу­нун көп жылдык орточо чыгымы Игарка шаары туш­та 18 500 м3/сек, эӊ көбү 132 000 м3/сек, эӊ азы 5210 м3/сек. Агымынын жылдык орточо көлөмү 584 км3, Енисей булуӊуна куярда 625 км3. Енисейдин көп бөлүгүндө жазында суусу кирип, жайында ташкындайт; жогорку агымында жаз, жай мез­гилдеринде кирет. Жайкы межень август – ок­тябрга, кышкысы ноябрь – апрелге туура ке­лет. Октябрь – ноябрдан майдын аягы – июн­дун башына чейин муз каптап жатат. Дарыя суусунун режимин теске салууда Енисейде жана анын куймаларында курулган Саян-Шушь, Краснояр (Енисейдин өзүндө), Иркут, Братск, Усть-Илим (Ан­гарада), Хантай, Курейка сыяктуу ГЭСтердин, суу сактагычтардын мааниси зор. Саяногорск

Енисей д-нын жогорку агымы. Тува.

шаарынан баштап кеме туруктуу каттайт. Кемелер­ди төмөнкү бьефтен Краснояр суу сактагычына

өткөрүү ж-а андан кайра жөнөтүү үчүн кеме көтөргүч курулган. Деӊиз кемелери Игаркага чейин бара алат. Енисейдин жээгинде Шушь Токою улуттук паркы, Саян-Шушь, Столбы корукта­ры бар. Боюндагы ири шаарлары, порттору: Кы­зыл, Саяногорск, Минусинск, Абакан, Дивно­горск, Красноярск, Лесосибирск, Енисейск, Игар­ка, Дудинка. Енисейдин жогорку агымында – Мину­са ойдуӊунда кыргыздар жашагандыгы алгач б. з. ч. 3–1-кылымдардагы Кытай булактарында эскери­лет, к. Енисей кыргыздары макаласын.

Ад.: Антонов В. С. Енисей. Гидролого-навигацион­ный очерк. Л., 1962; Михайлов В. Н. Исследования водного и руслового режимов устьевой области Енисея // Географические аспекты исследований и исполь­зование водных ресурсов в СССР. М., 1982; Вуглин­ский В. С. Водные ресурсы и водный баланс крупных водохранилищ СССР. Л., 1991.

Ө. Бараталиев.