ЕНИСЕЙ ЖАЗУУЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:54, 19 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЕНИСЕ́Й ЖАЗУУЛАРЫ – Енисей д-нын жогор­ку өрөөндөрүнөн табылган ж-а байыркы түрк элдеринин, а. и. байыркы кыргыздар 6–10-к-да колдонгон рун жазуусунун эстеликтери. Жазуу эстеликтери Азиянын борб. бөлүгү деп тааныл­ган Тува автоном. респ-нын ж-а Хакас автоном. обл-нун аймактарынан табылган. Рун жазуу эс­теликтеринин көбү негизинен Енисей д-нын өрөөнүнөн каттал-

Мойгын өрөөнүнөн т а бы лг ан ж аз уу эстеликтин эстамп – көчүрмөсү. Д. Д. В

а­сильевдики боюнча берилди.

гандыктан, ал шарт­туу түрдө Е. ж. же Енисей эстеликтери деп аталган. Е. ж-нын мазмунун дээрлик эпитафиялык эсте­ликтер түзөт. Е. ж. илимде 18-к-дын 2- жарымынан тар­тып белгилүү бол­гон. Жогоруда атал-


ган аймактан табылган эстеликтердин саны 200гө жакын. Е. ж-нда 4 үндүү тамга болуп, үнсүз тыбыштар каткалаӊ ж-а жумшак түгөйлөрү ар­кылуу белгиленгендиктен, үндөштүк жоон ж-а ичке 8 үндүү тыбышты билдирген. Сөздөрдө ай­рым учурда «э» тыбышын белгилөө үчүн өзүнчө тамга да колдонулган. Е. ж-нда 16 үнсүз ты­быш белгиленген, а. и. б, г, д, й, к, л, н, р, с, т (он тыбыштын) жумшак түгөйлөрү атайын там­галар м-н жазылган. Мындай комбинациялык варианттардын белгилениши сөздөрдүн үндөшүү­сүн туура баамдоого негиз болгон. Эстеликтерде г, д, ж, л, р, п тыбыштары м-н башталган сөздөр жолукпайт. Сөздөрдүн ичинде же аягында бар­дык үнсүз тыбыштар колдонулган. Азыркы кыргыз тилинде өздөштүрүлгөн в, х, ф, ж, ц сыяктуу тыбыштар Е. ж-да болгон эмес.