ЕВТУШЕНКО Евгений Александрович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:44, 19 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЕВТУШЕ́НКО Гавриил Алексеевич (7. 4. 1904, Украина, Чернигов обл. – 23. 4. 1971, Фрунзе) – физиолог, Кыргыз ССР ИАнын корр. мүчөсү (1954), биология илимд. доктору (1946), проф. (1959).

Киев айыл чарба ин­тун бүтүргөн (1929). 1932– 41-ж. Краснодар тамеки ө. ж. ил.-из. ин-тунун фи­зиология бөлүмүнүн башчы­сы, 1952–58-ж. Кыргыз ССР ИАнын Ботаника ин-ту­нун директору, 1958-жыл­дан Биохимия ж-а физиоло­гия ин-тунда өсүмдүктөрдүн физиологиясы ж-а биохи­миясы лабор-сынын башчы­сы, 1968–71-ж. Кыргыз ССР ИАнын Биохимия ж-а физиология ин-тунун директорунун орун ба­сары ж-а КМУнун физиология кафедрасынын башчысы. 60ка жакын ил. эмгектин автору. Өсүмдүк физиологиясы б-ча адис. Эмгектери не­гизинен тамекинин, кант кызылчасынын өндү­рүмдүүлүгүн жогорулатуунун физиол. негиздери­не арналган. Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а ме­далдар м-н сыйланган.

Эмг.: Причины снижения сахаристости сахарной свёклы в Киргизии, Ф., 1961; Агробиологические особенности кукурузы в Прииссыккулье (в соавтор­стве). Ф., 1961.