ЕЛЕНИН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:44, 19 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЕЛЕ́НИН Николай Николаевич (1892, Москва – 1944, ошол эле жер) – ырчы, режиссёр, кыргыз профессионал театр иск-восуна негиз салгандар­дын бири. Одесса ун-тинин филология ф-тин бү­түргөн, Миланда окуган. 1926-ж. чейин Таш­кентте муз. театрларда ырчы ж-а режиссёр ка­тары иштеген. 1926-ж. Фрунзеге келип, кыргыз муз. драма студиясын уюштурган, ага башчы ж-а көркөм жетекчи болгон. «Молдо Насирдин» комедиясын койгон (1927). Е. кыргыздын элдик музыкасын ж-а ырларын жыйнаган. Ал кыргыз иск-во кадрларын даярдоодо көп эмгек сиӊирген.