ЕЛҮЙ ДАШИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:35, 19 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЕЛҮЙ ДАШИ (кыт. Чжундэ, 1087–1143) – Елүй Абаозцы тукумунун сегизинчи муундагы өкүлү, Жети-Суудагы Кара кытай (Кидан, кытайча Си Ляо) мамлекетин (1125–1212) негиздөөчү. Улуу Ляо чжурчжендер тарабынан талкаланып, бы­тырандыга учураганда Е. Д. өзүнө жакын 200 чамалуу кишиси м-н алардан качып, Моӊголия­га келген. Бул жерде курултай өткөрүп, аны жети аймактагы 18 уруу эл колдоп, гурхан бо­луп жарыяланган. Е. Д. кашкарлык Арслан хан Ахметке каршы жүрүшкө чыгып (1128), Чыгыш Түркстанды өзүнө караткан. Жети-Сууну басып алуу үчүн биринчи жолку аракетин 1130-ж. жа­саган (к. Кара Кытай мамлекети). Кара кытай­лар (кидандар) адегенде уйгурлар жашаган жер­лерди ээлеп (Алтайдын түштүгү), анан кыргыз­дардын жери (Кем-кемжикут) аркылуу батыш­ка жылууга ниет кылышат, бирок кыргыз уруу­ларынын катуу каршылыгынан улам 1132-ж. Турпан княздыгына кайтып келүүгө аргасыз бо­лушкан. Ушул жерден башка жолго салып Эмил–Чөйчөк (Чугучак) аймагына жеткен, түрк урууларынан (40 миӊ чатыр) туткун алып, ал жерге Эмил ш-н негиздешкен. Андан Жети-Сууга кол салып, Караханиддердин борбору Баласа­гун ш-н басып алышат (1134). 1137-ж. кара кытайлар Мавераннахрды каратып, Самарканд­га чейин жетишкен. Кавтан талаасындагы со­гушта (1141) селжуктардын султаны Санжар башында турган мусулмандарды катуу талка­лашкан. Бирок, Е. Д. бул жеӊишинен майнап чыгара албай, Жети-Сууга кайтып кеткен. Өз өлкөсүн 20 жылга жакын бийлеп, аны кубат­туу державага айландырууга жетишкен. Беш- Балыкка (Уйгур кагандыгынын борборлорунун бири) жакын жерде кара кытайлардын кыргыз­дарга жасаган жортуулу ж-дө окуялар Жувей­нинин «Тарих-и-жахангушай» («Дүйнөнү ээлеп алуу тарыхы») деген эмгегинде чагылдырылган.

Ад.: Пиков Г. Г. Западные киданы. Новосибирск, 1989. Т. Жуманалиев.