ЕВРИПИД

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:23, 21 Апрель (Чын куран) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЕВРИПИ́Д , Э в р и п и д (биздин заманга чейинки 484-жылдар чен, Саламин аралы – биздин заманга чейинки 406-жылдар чен, Пелла) – байыркы грек драматургу. 92 драмалык чыгарма жазган, бизге 17 трагедиясы жана бир сатиралык драма­сы («Киклоп») жеткен. Чыгармаларында (биздин заманга чейинки V кылымдын 2-жарымы) Афинадагы саясий жана адеп-ахлак салттарынын бузулушун чагылдыр­ган, көйгөйлөрдүн курч коюлушу аркылуу ал «сахна философу» катары таанылган. Еврипид Кудай­дын ырайымсыздыгын («Ипполит», «Геракл») жана согушту («Троялык аялдар», «Финикиялык аялдар») айыптаган, «Ифигения Авлидада» тра­гедиясында биринчи болуп аял сүйүүсүнүн пси­хологиясын иштеп чыккан. В. Г. Белинский Еврипидди тереӊ ойчул, афиналык акыркы улуу тра­гик катары баалаган.

Чыг.: Трагедии. В 2 т. / Пер. Анненского. М. 1999.

Ад.: Тронский И. М. Истории античной литературы. 3-е изд., Л., 1957; Ярхо В. Н. Древнегреческая литература. Трагедия. М. 2000.