ЕГЕМБЕРДИЕВ
ЕГЕМБЕРДИЕВ Жумакадыр (3. 5. 1929-жылы туулган, Нарын облусу, Кочкор району, Дөӊ-Алыш айылы) – журналист, кыргыз телерадио берүүлөрүнүн баштоочторунун бири, радио драматург, жазуучу, Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиӊирген ишмер (1974), СССР телерадиосунун отличниги (1981). Фрунзедеги педагогикалык институтту бүтүргөн (1952). Эмгек жолун СССР Илимдер академиясынын Кыргыз филиалынын тил жана адабият институтунда иштөөдөн баштаган (1952–1954). Егембердиев элдик оозеки чыгармачылыктын бай үлгүлөрүн жыйнаган. 1954–1996-жылдары Кыргыз ССРинин мамлекеттик телерадио корпорациясында редактор, башкы редактор болгон. «Кутмандуу болсун күнүӊөр», «Ыр канатында», «Бетке айткандын заары жок», «Шибеге», «Биздин радиокитепкана», «Театр микрофондо» циклдик берүүлөрдү негиздеген (1955–1956). Муса, Атай, Карамолдо, Абдылас жана башкалардын концерттик программаларын, С. Каралаевдин варианты боюнча «Манас» эпосунан 20 сааттык үзүндүнү, А. Токомбаев, Т. Сыдыкбеков жана башка жазуучулардын эскерүү маектерин, ошондой эле 40ка жакын радио коюуларды жаздырып, алтын казынага калтырды. Егембердиев – кыргыз радио драматургия жанрын негиздөөчүлөрдүн бири. Кыргыз радиосунун тарыхы жөнүндөгү «Ободогу жаӊырык» аттуу китеби жарык көргөн (1991). «Эмгек учкуну» (1977), «Мезгил чыйыры» (1979) очерк-публицистикалык жыйнактардын, «Тагдыр кайрыктары» (2001), даректүү «Акактыктын шейити» (2008) повесттеринин, «Канат кан» тарыхый романынын (2006) автору. И. Стаднюк («Согуш» романын, 4 том), Степан Сарыг Оол («Сары уул баяны», 2 китеп), К. Симонян, Н. Макрушенко, А. Алексиндин чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Даӊк медалы менен сыйланган (2001).
