ЕГИПЕТ (Египет Араб Республикасы)
ЕГИ́ПЕТ , Е г и п е т А р а б Р е с п у б л и к ас ы – Африканын түндүк-чыгышындагы ж-а Азиянын Синай жарым аралындагы өлкө. Суэц булуӊундагы ж-а Кызыл деӊиздеги айрым чакан аралдар да Египетке таандык. Түндүгүнөн Жер Ортолук деӊиз, чыгышынан Кызыл деӊиз, Суэц, Акаба булуӊдары м-н чулганып, батышынан Ливия, түштүгүнөн Судан, түндүк-чыгышынан Израиль ж-а

Палестина м-н чектешет. Египет Европа, Америка өлкөлөрүн Азия ж-а Чыгыш Африка өлкөлөрү м-н байланыштырган эл аралык аба ж-а деӊиз жолдорунун кесилишинде жайгашкан. Египеттин аймагынан Атлантика океанын Инди океаны м-н туташтырган кыска деӊиз жолу – Суэц каналы өтөт. Аянты 1001,4 миӊ км2 (анын 96%и чөлдүү аймак). Калкы 72,5 млн (2007). Мамлекеттик тили – араб тили. Акча бирдиги – Египет фунту. Борбору – Каир шаары. Административдик жактан 27 мухафазага (губернаторлукка) бөлүнөт (к. таблицаны). Египет – БУУнун (1945), ЮНЕСКОнун, Африка союзунун (1963), Араб өлкөлөр лигасынын (1945), Ислам конференция уюмунун (1969), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), ЭВФтин (1945) ж. б. уюмдардын мүчөсү.
Таблица бар
Таблица барМамлекеттик түзүлүшү.
Е. – унитардык республика. Конституциясы 1971-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекеттин ж-а аткаруу бийлигинин башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлиги Элдик жыйынга ж-а Консультациялык ке- ӊешке таандык. Аткаруу бийлиги премьер-министр башында турган өкмөт (министрлер совети) тарабынан да ишке ашырылат. Бийликтин президентке ж-а өкмөткө да көз каранды эмес жалгыз бутагы – сот системасы. Е-ке көп партиялуу система мүнөздүү. Негизги саясий партиялары: Улуттук демокр. партия, Социалисттик эмгек партиясы, Либералдык-социалисттик партия ж. б.
Табияты.
Өлкөнүн субтропик ж-а тропик кеӊ- диктериндеги абалы жаан-чачындын аз жаашы климатынын кургакчыл, чөл ж-а жарым чөл ландшафттарынын басымдуу болушуна шарт түзгөн. Чарба тиричилиги негизинен Нилдин өрөөнүн ж-а дельтасын (өлкөнүн аянтынын 3%ке жакыны), оазистерди, о. эле айрым деӊиз жээктерин ээлейт. Жер Ортолук деӊиз жээги Нилдин дельтасынан 1000 км батышты карай жапыз, таштак, жардуу, дельтадан чыгышты

карай кумдуу саяӊдар мүнөздүү жантайыӊкы
өндүрлөр, дельтасынын өзү жапыз лагуналуу. Кызыл деӊиздин жээги (уз. 1900 кмдей) негизинен тик капталдуу бийик тоолор м-н чектешкен кууш пляждуу тилке. Жээгин деӊизден коралл рифтүү жазы тилке бөлүп турат.
Е-тин басымдуу бөлүгүн бийиктиги 300 мден
1000 мге жеткен платолор ээлейт; алар – Ливия
кан. Кызыл деӊиз, Суэц ж-а Акаба булуӊдары грабендерин чектеп турган жаракалар Чыгыш Африка жаракалар системасына кирет. Платформанын калканында темир, цинк, коргошун, калай, молибден, хром, никель, берилий, тантал, ниобий, алтын, платформанын жабындысын түзгөн чөкмө тектерде фосфорит, темир, таш көмүр, марганец рудалары, о. эле гипс, кайнатма туз, курулуш материалдары, Суэц булуӊунда нефть, газ кендери бар.
Климаты негизинен чөлдүү болгондуктан, абанын темп-расы сутка ичинде кескин өзгөрөт. Эӊ суук айы – январдын орт. темп-расы түндүгүндө 11–12°С, түштүгүндө 15–16°С, эӊ жылуу айы – июлдуку түндүгүндө 25–26°С, түштүгүндө 30– 34°С. Суткалык орт. темп-расынын жылдык
өлчөмү 7000–9000°С; мындай темп-ралык шарт
(эгерде ным жетиштүү болсо) жылына бир нече түшүм алууга мүмкүндүк түзөт. Бирок өлкөнүн басымдуу бөлүгүндө жылына 100 ммге чейин гана жаан-чачын жаагандыктан, дыйканчылык сугат-
чөлү (өлкөнүн 2/
бөлүгү), Араб чөлү, Нуби чөлү.
ка муктаж. Жер Ортолук деӊиздин жээк зона-
Ливия чөлүнүн түндүгүндө ж-а чыгышында таштуу (хамада) ж-а шагылдуу (серир) чөлдөр басымдуу; аларга узатасынан (650 кмге чейин) созулган кум жалчалары мүнөздүү: Ливия чөлүнүн батышында бархандарынын бийикт. 300 мге жеткен кумдуу чөл мейкиндиги жатат. Ливия ж-а Араб чөлдөрүнүн таштак платолорун Нил

д. кесип өтөт; анын Е-тин аймагындагы уз. 1200 кмдей, жазылыгы түштүгүндө 1–3 км, түндүгүндө 20–25 кмге чейин. Платолор чыгышты карай акырындап, 2000 м бийиктикке чейин көтөрүлүп, Кызыл деӊизге ж-а Суэц булуӊуна тик түшөт. Түн.-чыгышындагы Синай ж. а. өлкөнүн эӊ бийик бөлүгү (2737 м, Катерин чокусу). Маанилүү түздүктөрү деӊиз жээктеринде, Нилге чектеш жерлерде, негизинен өлкөнүн түн.-батыш бөлүгүндө жайгашкан; анда деӊиз деӊгээлинен төмөн жаткан ойдуӊдар (Каттара, 133 м; Файюм, 43 м) бар.
Е. Африка платформасынын түн.-чыгышынан
орун алган. Өлкөнүн түш.-чыгыш зор бөлүгүн Нуби–Араб калканынын капталы ээлейт. Анда
Чыгыш чөлү тектон. көтөрүлүүсү, Нил синеклизасы, Нуби антеклизасы, түн.-батыш бөлүгүндө Ливия-Синай перикратон ийилүү зонасы, түрдүү багыттагы тектон. жаракалар жайгашсында гана кыш мезгилинде жаан-чачындын
өлчөмү 200–400 ммге жетет. Жаз мезгилине түштүктөн же түш.-батыштан (Сахарадан) кургак ж-а ысык – хамсин шамалы 50 күндөй өтө катуу согуп турат.
Өлкөнүн аймагы аркылуу туруктуу аккан дарыя ж-а калкты суу м-н камсыз кылуучу негизги булак – Нил дарыясы. Ал Чыгыш Африка бөксө тоосунан башталып, Жер Ортолук деӊизге куят; Нил д-нын суусунун жарымы Юсуф д. аркылуу Биркет-Карун көлүнө куят.
Чатында аянты 24 миӊ км2 болгон көп салалуу ж-а көлдүү дельтаны пайда кылат. Асуан плотинасы курулгандан кийин өлкөнүн түштүгүндө ири суу сактагыч (сыйымд. 164 млрд м3) пайда болгон. Нилдин суусу жайдын аягы – күздө кирет; агымы негизинен плотиналар системасы аркылуу жөнгө салынып турат. Жер астындагы сууларга да бай, алар оазистерде кеӊири пайдаланылат.
Климатынын өтө кургакчылдыгына байланыштуу топурак, өсүмдүктөрү начар өөрчүгөн. Маданий өсүмдүктөр ээлеген Нилдин өрөөнүнөн,

13*

анын дельтасынан ж-а оазистерден башка басымдуу бөлүгүндө өсүмдүктөр дээрлик жокко эсе. Начар өөрчүгөн скелеттүү топурактар, шор жерлер кездешет. Нил д-нын өрөөнүндөгү ж-а дельтасындагы топурак кыртышы өтө баалуу, ал байыркы ж-а азыркы аллювий тектеринде калыптанып, суу ташкындаганда сиӊимдүү заттар м-н толукталат; бирок дыйканчылыгы сугаруунун алаптык системасына туруктуу өтүүсүнө байланыштуу минералдык жер семирткичке дайыма муктаж. Чөл ж-а жарым чөлдөрдө дан өсүмдүктөрүнүн ж-а ксерофит бадалдарынын айрым түрлөрү кездешет.
Е-тин аймагы табиятынын өзгөчөлүктөрү б-ча төмөнкү физ.-геогр. райондорго бөлүнөт: Н и л ө р ө ө н ү – сугарылма маданий ландшафттуу регион. Н и л д и н д е л ь т а с ы н д а ирригациянын негизинде түзүлгөн маданий ландшафт көлдөр ж-а айрым саздак жерлер м-н айкалышат. Л и в и я ч ө л ү – көчмө кумдар пайда кылган рельефтин формасына жараша калыптанган чөлдүү ландшафт. А р а б ч ө л ү ж-а Н у б и ч ө л ү н ү н т ү н д ү г ү – плато ж-а дөӊсөөлөрдүн тилмеленген жерлериндеги таштуу ж-а шагылдуу чөлдөр. Ж е р О р т о л у к д е ӊ и з ж э э к т е р и – жер ортолук деӊиздик табияттын айрым элементтери мүнөздүү ж-а маданий ландшафтка көбүрөөк айландырылган түздүктүү аймак. С и н а й ж а р ы м а р а л ы – Суэц каналы ж-а Кызыл деӊиздин Акаба булу-
ӊу м-н чектешкен, мезгил-мезгили м-н агым пайда болуучу сайлар (уэддер) ж-а аларды бойлой өскөн суйдаӊ өсүмдүктөр мүнөздүү жарым
чөлдүү аймак.
Калкы
. Негизги калкы (94%; 2005) египеттиктер (арабдар). Алар негизинен Нил д-нын өрөөнүндө ж-а анын дельтасында, Суэц каналын жээктей, оазистерде отурукташкан. Асуандан жогору, Нил өрөөнүндө – нубилер, Кызыл деӊиздин жээгиндеги чөлдөрдө көчмөн бедуиндер, Сива оазисинде – берберлер, шаарларда, о. эле европалыктар м-н азиялыктар (армяндар, сириялыктар, гректер, италяндар, француздар, англистер ж. б.) жашайт. 1960-жылдары төрөлүүнү чектөө б-ча мамл. программа түзүлгөн. Натыйжада 1960-жылдардан 1990-жылдарга чейин төрөлүү 1000 адамга 46дан 28ге чейин, ал эми өлүм-житим 20дан 8,5ке чейин кыскарган. 1990-жылдарда калктын табигый өсүүсүнүн жылдык орт. темпи 2% болсо, 2006-ж. 1,8%ти түзгөн. Калктын курактык структурасында эмгекке жарамдуу курактылар (15–64 жаштагылар) басымдуу – 62,9%, 15 жашка чейинки өспүрүмдөр – 32,6%, 65тен ашкандар – 4,5%. Калкынын жашынын күтүлгөн орт. узактыгы 71,3 жыл (эркектериники 68,8, аялдарыныкы 73,9 жыл). Шаар калкы 43,9%. Калкынын орт. жыштыгы: 1 км2 жерге 73 адам. Экон. активдүү калктын 58%и тейлөө чөйрөсүндө, 28%и а. ч-нда, 14%и ө. ж-нда иштейт. Мамл. дини – ислам. Ири шаарлары: Каир


(калкынын саны 7,9 млн; 2007), Александрия (3,9 млн), Эль-Гиза (2,5 млн), Шубра-эль-Хейма (1,0 млн), Порт-Саид (555 миӊ), Суэц (0,6 млн) ж.б.
Тарыхы.
Е-тин Рим каратканга чейин тарыхын Египет Байыркы макаласынан кара.
Рим империясы кулагандан (395-ж.) кийин Е. Византиянын провинциясы болуп калат. Б. з. 7-к-нда Е-тин калкы христиан динин кабыл алат. 639–42-ж. арабдар басып алган соӊ,
өлкөдө ислам дини м-н араб тили жайылып, мад-ты бийик деӊгээлге жетет. Аббасиддер (9– 10-к.) халифаты кулагандан кийин Е. көз карандысыздыкка жетип, Фатимиддер (969–1171) ж-а Айюбиддер (1171–1250) династияларынын тушунда экономикасы жогорулап, саясий жактан да бир топ кубаттанат. 1250-ж. Е-ти мамлюктар басып алат. Е. Осмон империясына караган мезгилде (1517–1914) египеттиктер боштондук үчүн далай ирет күрөшкө чыгып, түрк султанынын бийлигин кыйла начарлаткан. Е. пашасы Мухаммед Алинин (1805–48) тушунда Е. өз алдынча мамлекет болуп турган.
19-к-дын ортосунда англ. ж-а франц. капиталдын тарала башташы м-н Е-те абал татаалдай баштап, Суэц каналын куруу учурунда айрыкча күч алат. 1879-ж. «Египет египеттиктер үчүн» деген ураан м-н Е-тин тунгуч улуттук саясий уюму «Ватан» чыгат. 1881-ж. Ораби паша (Араби-паша) башында турган төбөлдөргө ж-а
чет элдик колониячыларга каршы Каир гарнизону көтөрүлөт. Улуттук-боштондук кыймылы басылган соӊ, Е. Улуу Британия тарабынан оккупацияланган. 1914-ж. Улуу Британиянын протектораты болуп жарыяланган.
Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин улуттукбоштондук кыймылдын 1919–21-ж. күчөшүнөн улам, 1922-ж. Улуу Британия Е-ти көз карандысыз королдук деп таанууга аргасыз болот. Бирок Улуу Британия Е. королунун ж-а анын өкмөтүнүн тышкы ж-а ички саясатында үстөмдүгүн сактап, Суэц каналынын аймагында аскерлерин кармап турган. 1936-ж. Англия-Египет келишими түзүлүп, Е-ке бир аз көбүрөөк укук берилген,

бирок бийлик Улуу Британиянын колунда кала берген.
Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Е-те улуттук-боштондук кыймыл күч алат. 1948–49-ж.
Араб-Израиль согушунда Е. жеӊилүүгө дуушар болгон. Армияда Гамаль Абдел Насер башында турганЭркин офицерлер» деген жашыруун саясий уюм түзүлгөн. Ал уюм рев-ялык төӊкөрүштү
жетектеп, натыйжада 1953-ж. 18-июнда Е. респ. болуп жарыяланган. Өлкөдөн англ. аскерлер
чыгарылып, Суэц каналы мамлекеттештирилген. 1956-ж. Англия-Франция-Израилдин биргелешкен агрессиясына египет аскерлеринин каршылык көрсөтүүсүнүн натыжайсында агрессорлор өлкөдөн чыгууга аргасыз болот. 1967-ж.
«алты күндүк согуштун» жүрүшүндө Израиль Синай ж. а-н Суэц каналына чейинки Е. аймагын басып алат. 1968-ж. Насер «30-март программасын» жарыялап, агрессияга каршы күрөшкө бардык каражатты жумшоого чакырган. Президент Насердин өкмөтү бир топ социалдык-экон. реформаларды жүргүзгөн (к. Насер Гамаль Абдель). Насер өлгөндөн кийин (1970) президенттикке Анвар Садат (1971) келген. Бул учурда менчик капитал үстөмдүк кыла баштаган. 1973-ж. Е. «октябрь согушу» деп аталган согуштук аракеттерин баштап, Синай ж. а-н Израиль аскерлеринен акырындык м-н бошото баштаган. 1979-ж. Египет-Израиль тынчтык келишиминин түзүлүшү м-н эки өлкөнүн ортосундагы чырчатак толук чечилген. 1981-ж. А. Садат мусулман фундаменталисттеринин жашырын тобунун («аль-Жихад аль-Жадид» – «Жаӊы Жихад») мүчөлөрү аркылуу өлтүрүлгөн. Анын ордуна келген Х. Мубарак Ж. Чыгышты тынчтык зонасына айландыруу сунушу м-н дүйнөлүк коомчулукка кайрылган. 1982-ж. Е-ке Израиль тарабынан Синай ж. а. толугу м-н (Таба анклавы 1989-ж.) кайтарылган. 1984-ж. Е. Ислам конф-я уюмуна кайрадан мүчө болуп калган. Иран-ирак согушунун (1980–88) жүрүшүндө Иракка колдоо көрсөтүп, Перс булуӊундагы өлкөлөр м-н аскердик, экон., саясий байланыштарын кеӊейткен. Е. тышкы саясатын көз карандысыз багытта жүргүзүүгө умтулат.
Экономикасы.
Е. – агрардык-индустриялуу өлкө. 2006-ж. ИДПнин көлөмү 328,1 млрд АКШ долларын түзгөн (араб өлкөлөрүнүн ичинен Сауд Арабиясынан кийинки 2-орунда), а. и. өнөр жайынын үлүшү 35,5%, а. ч-ныкы 14,7%, тейлөө чөйрөсүнүкү 49,8%. Аны киши башына бөлүштүргөндө 4200 доллардан туура келет. Валютанын кыйла бөлүгү экспорттон, а. и. негизинен нефть м-н газдан (11,5 млрд доллар) ж-а эмгек мигранттары которгон акчадан түшөт.
Индустриялаштыруу процесси башталганга
чейин, 1960-жылдары Е-тин экономикасында а. ч. үстөмдүк кылган (азыр да а. ч-нда эмгек ресурсунун 40%ке жакыны иштейт). 1970-жылдары негизги экспорттук продукция пахта болгон, кийин алдыга нефть чыккан.
Е-тин аймагынын 97%ке жакынын чөл ээлегендиктен, а. ч. бир нече оазисте гана өнүккөн. Кайрак жерлери негизинен Жер Ортолук деӊиз аймагындагы кууш тилкени гана түзөт. А. ч-га жарактуу жеринин жалпы аянты 3,3 млн га (өлкөнүн аймагынын 3,3%ин ээлейт), анын

97%и Нилдин өрөөнүн ж-а дельтасын ээлейт. Күрдүү аллювий топурагы ж-а инсоляциянын узактыгы түрдүү а. ч. өсүмдүктөрүн өстүрүүгө өтө ыӊгайлуу шарт түзөт. Бирок, дренаж системасын түзүү анча жолго коюлбагандыктан, топурак кыртышын шор басуу проблемасы пайда болууда. А. ч-га жарактуу жерин киши башына бөлүштүргөндө (0,45 га; 2007) дүйнөдө акыркы орунду ээлегени м-н пахтага, күрүчкө, жашылчага, сүт продукциясына болгон ички муктаждыгын толук, канттын 80%ин, эттин 75%ин камсыз кылат. А. ч-нын негизги тармагы – сугат дыйканчылыгы (а. ч. продукциясынын 75%тен ашыгын берет). А. ч-га жарактуу жердин 85%ке жакыны сугарылат (негизинен Нилдин суусу м-н); ирригациялык каналдардын жалпы уз. 33,2 миӊ км (2005). Экспортко чыгарылчу негизги а. ч. өсүмдүгү – ичке булалуу пахта; аны даярдоо б-ча Е. дүйнөдө 1-орунда. Андан сырткары шалы, бал камыш, о. эле буудай, ак жүгөрү (сорго), жүгөрү, буурчак, шаар айланасында жашылча-жемиш, оазистерде курма пальмасы өстүрүлөт. А. ч. өндүрүшү өнүккөн негизги райондору: Нилдин дельтасы (айыл калкынын 60% эмгектенет; мында шалы, пахта, буурчак, жемиш, жашылча); Каирдин айланасы (негизинен жашылча); Ортоӊку Е. (шалы, жүгөрү, ак жүгөрү, бал камыш, жашылча); Файюм оазиси (шалы, беде, жүгөрү, буурчак, ак жүгөрү, жашылча); Жогорку Е. (бал камыш, буудай, буурчак, беде, шалы). Жайыты тар болгондуктан, мал чарбасы анча өнүккөн эмес; негизинен уй, буйвол, эчки, кой, төө, жылкы, ка-

чыр ж. б. асыралат. Жер Ортолук деӊиздин жээк тилкесинен, көлдөрдөн ж-а Нилден балык кармалат (жылына 900 миӊ т).
Ө. ж-нын негизги тармагы – нефть-газ өндүрүшү, ал ИДПнин 12%ин, товардык экспорттун 40%тен ашыгын түзөт. 2005-ж. суткасына 696 миӊ баррель нефть, 34,7 млрд м3 газ
өндүрүлгөн. Нефть Суэц каналы зонасынан, Синай ж. а-нан, батыштагы чөлдөн, газ Александрияга жакын, Нил дельтасынан, Ливия
чөлүнөн казылып алынат. Электр-тех. ж-а машина куруу ө. ж. ишканалары даяр тетиктерден муздаткыч, телевизор, жеӊил ж-а жүк ташуучу автомобилдерди, автобус, трактор курап
чыгарат. Цемент ж-а фосфат чыгаруу өнүккөн.
Отун-энергетикалык ресурсун жерг. нефть, о. эле газ, гидроэлектр энергиясы (Асуандагы өлкө ичинде пайдаланылат. 2003-жылдан Эль-
Ариш – Таба – Акаба (Иордания); Эль-Ариш – Таба – 248 км, Таба – Акаба – 16 км) газ куурлары иштейт. Е. өз ресурстарынын эсебинен электр энергиясына болгон муктаждыгын толук камсыз кылат. 2005-ж. 95,1 млрд кВт⋅саат электр
энергиясы өндүрүлгөн; анын 1 млрд кВт⋅сааты
экспортко чыгарылат (2001-жылдан). Электрэнергиясынын 79%и ЖЭСке, 21%и ГЭСке туура келет. Каирден түштүктө – Эль-Курайматта гелиостанция, Хургадада (Эль-Гурдака) шамал электр курулмасы иштейт.
Кара металлургия ө. ж. жерг. сырьёнун (Эль-
Гедида темир кенташынын) негизинде иштейт (жылына 3 млн т). Ири металлургия комбинаты (жылына 4,4 млн т болот өндүрөт), коксхимия з-дду, о. эле Суэцте, Александрияда, Садат-Ситиде з-ддор иштейт. Түстүү металлургиянын негизги продукциясы алюминий (жылына 250 миӊ тга жакын алюминий өндүрөт). Химия
ө. ж. негизинен кальцийленген сода (Александрияда), натрий сульфаты, минералдык жер семирткич (азот, фосфор жер семирткичтерин)
чыгарат. Нефть-химия комплекстери Эль-Амирияда (Александрияга жакын), Эль-Файюмда курулган. Машина куруу ө. ж-нда металл кесүүчү станок, т. ж. вагонун, трактор чыгарып, автомобиль ж-а авиа чогултуучу ишканалары иштейт. Тиричилик техникаларын (муздаткыч, тележ-а радиоаппаратура ж. б.) чыгаруучу ишканалары, кеме куруу верфи (Порт-Саидде) бар. Аскер ө. ж-нын да мааниси зор (курал, ракета, сооттолгон танк техникасын чыгарат). Текстиль
ө. ж. эзелтен өнүккөн (кебез, жүн, жибек, синтетика кездемелери ж. б.). Тамак-аш ө. ж-нын

маанилүү тармактары – ун, май, эт-сүт, кант, алкоголь ичимдиктерин, суусундук чыгарат.
Тейлөө чөйрөсү да өнүккөн. Негизги кирешени эл аралык туризм (2006-ж. 6,5 млрд долларды түзгөн), Суэц каналы аркылуу өткөн чет
өлкөлөрдүн кемелеринен алынган акы (пошлина) берет (3,9 млрд доллар; каналдын өткөрүмдүүлүгү 18,4 миӊ кеме). 2006-ж. 8,7 млн турист (негизинен Европадан) келген. Туристтик

бизнесте 1,6 млн адам алектенет; 170 миӊ орундуу 1200дөн ашык мейманкана иштейт. Рекреациянын негизин ыӊгайлуу табият-климаттык ресурстары (негизги курорттору Кызыл ж-а Жер Ортолук деӊиздердин жээктеринде жайгашкан) ж-а ар кайсы замандын маданий, тарыхый эстеликтери түзөт; туризмдин экол., ишкердик, спорттук ж. б. түрлөрү, дейвинг өнүгүүдө. Е-тин кредиттик мекемелер системасы 54 банктан туруп, ал өз ичине Е-тин Борб. банкын, 27 коммерциялык банкты (4 мамл., 23 инвестициялык) камтыйт. Өлкөдөгү эӊ ири Каир-Александрия фонд биржасы иштейт (операциясынын көлөмү – 40 млрд египет фунту).
Ички жүгү автомобиль (уз. 92,4 миӊ км) ж-а т. ж. (5,7 миӊ км), о. эле дарыя (Нилдеги магистралдык каналдар б-ча 3 миӊ км) транспорттору аркылуу ташылат. Деӊиз соода флотунун тоннажы – 987,5 миӊ регстрдик брутто-тонна же 1467,1 миӊ т дедвейт. Башкы порттору: Александрия, Эд-Дихейла, Думьят, Порт-Саид, Суэц, ж. б. Каир, Луксор, Хургада, Шарм-эш-Шейх ш-нда эл аралык аэропорттор бар.

Экспортко нефть ж-а нефть продуктулары, газ, пахта, кебез-кездеме жибин, азык-түлүк ж-а ө. ж. товарларын чыгарып, сырттан машина ж-а анын тетиктерин, азык-түлүк, цемент, металл, жыгач ж. б. сатып алат. Негизги сырткы соода шериктери: АКШ, Франция, Германия, Япония, Италия, Испания, Сирия, Сауд Арабиясы, Кытай.
Маданияты.
Б. з. 1-к-нда Александрия эллин мад-тынын чордону болуп турган. Илим иши Александрия академиясына, Александрия мусейонуна (мад-т борбору) топтолгон. Астрономия, математика, статика сыяктуу тармактар
өз бетинче бөлүнүп чыккан. 10-к-дын аягы –
11-к-дын башында египеттиктер Азия, Африкага саякат жасап, ал өлкөлөрдү сыпаттап жазып чыгышкан. 11-к-дын башында Каирде «Дараль-Улюм» («Билим үйү») деген илим борбору иштеген. 1004-ж. обсерватория курулуп, астр. таблицалар түзүлгөн. Медицина, химия илимдери өнүккөн. 13–14-к. Европа ж-а Инди океанынын өлкөлөрү м-н экон. байланыштын өсүшүнөн геогр. изилдөө иштери улантылган. 15– 18-к-да илимде өнүгүү болбой калган.
19-к-дын жарымында жүргүзүлгөн Мухаммед Алинин экон. реформалары ил. изилдөө иштерин өркүндөтүүгө мүмкүндүк берген. Натыйжада агротехника, медицина кыйла өнүккөн; канал ж-а сугат курулуштарын куруу кулач жайган; жаштар чет өлкөлөргө билим алууга жиберилип, кадрлар даярдалган. Е. геогр. коому (1845), бактериол. лаборатория (1885), геол. кызмат (1898), дыйканчылык коому (1898) уюштурулган. 20-к-дын 1-жарымында ил. изилдөө иштери кеӊейтилип, Астрономия ж-а геофизика ин-ту (1903), Океанография ж-а Кызыл деӊиз балыкчылык ин-ту (1929), Тропик оорулар ин-ту (1932) иш жүргүзө баштаган. 1939-ж. Улуттук изилдөө совети, 1941-ж. Египет Академиясы, 1951-ж.
Ө. ж. ж-а хим. изилдөөлөр ин-ту негизделген.
Учурда өлкөдө 14 ЖОЖ, а. и. Каир, Айн-Шамс, Александрия, о. эле аль-Азхар мусулман ун-ттери, о. эле Каирдеги Америка, Немис ж-а Египет француз менчик ун-тери ж. б. бар. 700 миӊден ашуун студенттер билим алышууда (2006).
Е-тин билим берүү системасы өтө жогору борборлоштурулгандыгы м-н айырмаланат. Ал үч
баскычтан турат: базалык (Ат-таалимм аль-асаси), орто (Ат-таалимм ат-тамнауи) ж-а жогорку билим берүү (Ат-таалимм аль-гаммаи). 1981- жылдагы акысыз билим берүү ж-дөгү мыйзамга ылайык, 6–14 жаштагы балдар базалык билим алуусу шарт. Ал эми диний билим берүү системасын Аль-Азхар ин-тунун Жогорку Кеӊеши жетектейт. Кеӊеш Билим берүү министрлигине баш ийбейт, бирок Е-тин премьер-министринин көзөмөлүндө турат. Бул мектептерде негизинен дин б-ча, о. эле башка предметтер да окутулат. Билим алып жаткан балдар ж-а кыздар бөлөк окушат. Алар окууну аяктаган соӊ, Аль-Азхар ун-тинен гана билимин уланта алышат. 2000-жылга карата мындай мектептерде билим алгандар жалпы окуучулардын 40%ин түзгөн.
Е-те философия, тарых, юридика, тил илими ж. б. илимдер о. кылымдардагы араб мад-тынын шарданында өнүккөн. 9–12-к-да коомдук илимдер гүлдөгөн чегине жетсе, 12–16-к. алардын кедери кеткен мезгил болгон. 16–19-к.
өнүгүп-өспөй бир орунда туруп калган. Е. историографиясы 9-к-да жаралган. Бизге жеткен биринчи тарыхый эмгек – Абдаррахман ибн Абд аль-Хакамдын чыгармасы. Анда шаарлар м-н эстеликтер сыпатталып жазылган. 14–15-к-да энциклопедиялар даярдалган. Булардын Е. тарых илиминде жазма булак катары мааниси
чоӊ. 19-к-дын 2-жарымында тарыхты чыгарма (буга чейин тарыхый хроника, тарыхый өмүр баяндык жанр болгон) катары жаза башташкан. Авторлор тарыхтагы маанилүү окуялар аркылуу доорду жалпы көрсөтүүгө аракет жасашкан. Бул багыттагы тунгуч чыгарма – Халил Ахмед ар-Рагаб жазган «Мухамед Али пашанын тарыхы».
О. кылымдагы араб грамматикасы м-н лексикологиясы инди грамматикасы ж-а грек логикасынын таасиринде өнүккөн. Араб грамматикалык окуусун баштагандар – айтылуу «Аль- Китаб» («Китеп», 8-к.) трактатынын авторлору Халил ж-а анын шакирти Сибайхи. 20-к-дын баш ченине араб адабий тили бардык тармактарда пайдаланыла баштаган. Е-те 300дөн ашуун ар кандай басма сөз каражаттары, а. и. күндө чыгуучу 17 гезит: «Аль-Ахрам» «Аль-Ах-
бар» «Аль-Гумхурия» ж. б. жарык көрөт. Өлкөдө радиоуктуруу 1934-жылдан, телекөрсөтүү 1960-жылдан башталган. Бүгүнкү күндө Е. телекөрсөтүү ж-а радиоуктуруу кызматы – Ж. Чыгыш аймагынын ичинде өнүккөн тармактардын бири.
Жаӊы Е. ад-ты араб өлкөлөрүнүн ад-ты м-н
тыгыз байланышта, жалпы маданий мурастын негизинде түптөлгөн. 19-к-дын башында калыптана баштаган. Ад-т м-н мад-ттын жаӊырышына Мухаммед Алинин реформалары м-н алгачкы бурж. агартуучулар – акын ж-а публицист Шихаб-ад-дин (1786–1857), «Ал-Вакаи аль-мисрия» аттуу туӊгуч гезиттин редактору Рифаа ат- Тахтави (1801–93), Е. улуттук китепканасынын негиздөөчүсү Али Мубарак (1824–93) ж. б. чыглыгы чоӊ түрткү берген. 1870-ж. публицистика, поэзия өнүккөн. 1880-ж. Абдаллах Надым («Ата журт», «Арабдар»), Мустафа Камил («Андалусияны алуу») ж. б. оригиналдуу драмалык
чыгармаларды жаратышкан. Араб тарыхый
романына ливандык эмигранттар Жиржи Зейдан («Качкын мамлюк», 1891), Фарах Антун («Жаӊы Иерусалим же арабдардын Иерусалимди басып алышы», 1904) негиз салышкан. 20-кдын 1-жарымында 19-к-дагы Батыш Европа ж-а орус классикалык ад-тын таануу, новелла, повесть, роман сыяктуу жаӊы адабий жанрлардын калыптануу мезгили болгон. Поэзияда жа-
ӊылануу жүрүп, романтизм бекемделген. Прозада – реализм калыптанып, 1940–50-жылдары гүлдөгөн дооруна жеткен. Экинчи дүйнөлүк согуштан (1939–45) кийин карапайым адамдардын турмуш-тиричилигин, күрөшүн чагылдырган
чыгармалар жаралган: Ибрахим Абд-аль Халимдин «Турмуш лаззаты» (1946) аӊгеме жыйнагы, Абдаррахман аль-Шаркавинин «Жер» (1954),
«Чоӊ көчөлөрдүн артында» (1958) романдары, Абдаррахман аль-Хамисинин «Канга боёлгон көйнөктөр» (1953), «Төгүлгөн кан кургабайт» (1956) аӊгеме жыйнагы ж. б. Респ-нын жарыяланышы (1953) акын-жазуучуларга жаӊы чыглык дем берген. Тауфик аль-Хаким («Назик колдор»), Юсуф Идрис («Күнөө»), Али Ахмед Баксир («Гоха мыгы»), Альфред Фараг («Фараондун кыйрашы») ж. б. социалдык-саясий драмаларды жаратышкан. Ахмед Хашим аш-Шариф, Гамал ал-Гитани, Сулейман Файяд ж. б. израилдик агрессорлорго каршы (1967) ж-а алар ээлеген жерлерди бошотуу үчүн күрөшкө үндөгөн чыгармаларды жазышкан. 1955-жылдан Е. жазуучулар лигасы, Жазуучулар союзу иштейт. Соналла Ибрагимдин (1937-ж. т.) ошол мезгилдеги режимди сындаган ж-а Яхья ат-Тахир Абдалланын айыл турмушун чагылдырган чыгармалары окурмандардын арасында азыркы күнгө
чейин белгилүү. Е-те эле эмес, чет элге да атагы
тараган Наджиб Макфуз 1988-ж. ад-ттагы жетишкен ийгиликтери үчүн Нобель сыйлыгына
татыктуу болгон. Ал 40тан ашык роман, пьесаларды жараткан. Макфуздун «Children of the Alley» («Көчө балдары») аттуу романын бүгүнкү күнгө чейин чыгарууга тыюу салынган, бирок көпчүлүк окурмандар муну адилетсиз чечим деп эсептешет. Тевфик Хаким, Яхья Хакки ж-а Юсуф Идристин чыгармалары да окумдуу. Наваль аль-Саадави аттуу жазуучу айымдын чыгармалары чет элдиктердин арасында кадырбаркка ээ.
Байыркы маданий эстеликтер неолит ж-а
энеолит доорунда жаралган. А. Македонскийдин Е-ти жеӊиши, байыркы Е. ж-а грек мадтынын жакындашуусу Е. жеринде эллин мадтынын таралышын шарттаган. 639-ж. арабдардын келиши м-н ислам дини жайылып, араб мад-ты түзүлө баштаган. 7–9-к-да мечиттер көп салынган (мис., Фустатта Амр ибн аль-Ас мечити, 641–642), 9- ж-а 10–12-к-да скульптуралар, оймо-чиймелер м-н кооздолгон имараттар тургузулган. Каирде ибн Тулун (876–879), аль- Азхар (970–972), аль-Хаким (990–1013) мечиттери, Калаун султандар комплекси (1284–85), Хасан султан мечит-медресеси (1356–63), Мамлюктар мавзолейи (15–16-к.) ж. б. курулган. 19– 20-к-да Е-те фр., итал., англ., бельгиялык архралык имараттар, мис., Каирдеги аэропорт (1962, арх. С. Зайтун, М. Шавки), Александрияда «Палестина» мейманканасы (арх. Абл аль-Магид, Ш. Хосна), Ан-Насер пансионаты (арх. А. Лабиб Габр) ж. б. пайда болгон. Байыркы Александрия китепканасы үчүн мурдагы эски имараттын ордуна салынган заманбап китепкана 2002-ж. пайдаланууга берилген.
Е. сүрөт өнөрүнүн сакталып калган эстеликтери фатимиддик бийлик дооруна таандык; Фустаттагы мончо фрескасынын фрагменттери (Каирдеги Ислам иск-во музейи, 10–11-к.), ташка, жыгачка, пил сөөгүнө түшүрүлгөн музыкант, бийчи, чабендестердин сүрөттөрү (Каирдеги Фатими ак сарайынын фриздери). Е. сүрөт өнөр мектебине негиз салгандар – Мухаммед Наги, Махмуд Саид, Ахмед Сабри. Өлкөнүн көрүнүктүү сүрөтчүлөрү катары Газбия Сери, Инджи Эфла-

тоун, Абдель Вахаб Морси, Адель эль-Сиви, Вахиб Нассер ж. б-дын ысымдары белгилүү.
Е-ти арабдар басып алгандан кийин (7-к.) ыкчам ыргактуу ырлар, элдик профессионалдык музыканын салтындагы вокалдык аспаптык сюиталар – макамдар кеӊири таралган. О. кылымда Ибн аль Хайтан (11-к.), аль-Масаббахи (11-к.), А. Умайя (12-к.), Ибн Сана аль-Мульк, Алам-ад-дин Куайсар, Ан-Нувайри (14-к.), аль- Магрази (15-к.) өӊдүү теориячылар ж-а аткаруучулар кеӊири белгилүү болгон. 18-к-дын аяк
ченинде европ. музыканын таасириндеги менчик муз. мектептер, европ. үлгүдөгү аскердик оркестрлер пайда болгон. 19-к-да Мухаммед аль- Кабани, лютнячы Ахмед аль-Лайти, флейтачы Амин Бузари, ырчылар Мустафа аль-Аггады, музыка таануучу Мухаммед Шихаб аль-Мульк ж. б. музыканттар өлкөдө кеӊири белгилүү болгон. 1869-ж. Каирде Опера театры (Африка континентиндеги туӊгуч опера театры) ачылган. 1927-ж. Музыкалык коом, 1929-ж. Араб муз. инту, 1935-ж. Аялдар муз. ин-ту ачылган. Элдик иск-во ансамбли (1962-жылдан), Муз. академия, Жогорку балет ин-ту (1966) ж. б. көптөгөн муз. окуу жайлары бар. Ом Кольтумдун (1975-ж. дүйнөдөн кайткан) аткаруусундагы улуттук колориттеги музыканын мыкты үлгүсү катары саналган поэзия ж-а опереттанын негизинде түзүлгөн ырлар бүгүнкү күнгө чейин популярдуу. Абдель Халим аль-Хафез ж-а Мухаммед Адб аль-Ваххаб сыяктуу аткаруучулары да белгилүү. Е. музыкасында европа музыкасынын элементтери да кеӊири тарай баштады, жаӊыдан тарап жаткан бул агымдын аткаруучуларынын ичинен Ихеб Тавфлик, Мохаммед Фуад ж-а

Чыгыш бийи.
Хакимдин чыг-лык чеберчиликтери артууда. Е. чыгыш бийлерин аткаруучулары м-н белгилүү. Аймактарда аль-хатталя, аль-бамбутыйя, алькаффафа ж-а курсак бийи деп аталган бийлер таралган. 19-к-дан Е-те көчөдө ж-а ак сөөктөрдүн үйүндө бийлөөчү профессионал бийчилер болгон. 1958-ж. Каир балет мектеби ачылып, анын биринчи бүтүрүүчүлөрүнөн ж-а Москва хореография окуу жайын бүтүргөн египеттик кыздардан 1967-ж. биринчи балет труппасы (Улуттук балет) түзүлгөн. 1988-ж. Каир опера үйү Опера ж-а балет театрына айландырылган. Каирде Заманбап бий театры иштейт. Эл аралык заманбап бий ж-а Улуттук бий фестивалдары өткөрүлүп турат. 19-к-дын биринчи жарымында Е-те мухаббизиттердин – куйкум сөз чеберлеринин өнөрү ке- ӊири тараган. Алар атайын аянттарда, базарларда өнөр көрсөтүп, элдин көӊүлүн кушубак кылган. Наполеондун экспедициясы (1798–1801) Е-ти Европа мад-ты м-н тааныштырган. 19-кдын 70-жылдары профессионал театр түзүлгөн. 1930-ж. Араб театр ин-ту ачылган. 1930-ж. Араб театр өнөрүн өнүктүрүү б-ча жогорку к-т, 1935-ж. мамл. туӊгуч Улуттук труппа, 1944-ж. Араб театр ин-ту түзүлгөн. 1961-ж. Каирде «Аль-Гумхурия» театры ачылган. Мындан тышкары, Улуттук, Комедия, Дүйнөлүк театрлары бар. 1897-жылдан чет элдик режиссёр ж-а операторлор тарабынан чакан хроника, 1917-жылдан көркөм фильмдер тартыла баштаган. 1935-ж. Каирде «Миср» киностудиясы ачылган. 1930- жылдан белгилүү ырчы, композитор Абд аль- Ваххаб, Умм Кульсум катышкан муз., 40-жылдардан патриоттук көркөм фильмдер тартылган. Е. кино өнөрүнүн жаӊы үлгүсү катары Ю. Шахиндин «Жамиля» (1959), «Жер» (1968) «Нилдеги адамдар» (СССР м-н бирдикте, 1970), А. Фахминин аткаруусундагы «Мумия» (1971) фильмдерин атаса болот. Мындан тышкары, Хенри Баракат, Мухаммед Хан, Салах Абу Сейф ж-а Атеф Эль-Тайиб аттуу кинорежиссёрлордун да тасмалары кеӊири белгилүү.
Ад.: Длин Н. А. Объединенная Арабская Республика. М., 1963; Медведко Л. И. К востоку и западу от Суэца. М., 1980; Беляев И. П., Примаков Е. М. Египет: время президента Насера. М., 1981; Арабская Республика Египет. Справочник. М., 1990; Египет // Большая Российская энциклопедия. 9 т. М., 2007.