ЕГИПЕТ (Египет Араб Республикасы)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:59, 24 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЕГИ́ПЕТ , Е г и п е т А р а б Р е с п у б л и к а­с ы – Африканын түндүк-чыгышындагы ж-а Азия­нын Синай жарым аралындагы өлкө. Суэц булуӊундагы ж-а Кызыл деӊиздеги айрым чакан аралдар да Египетке таандык. Түндүгүнөн Жер Ортолук деӊиз, чыгышынан Кызыл деӊиз, Суэц, Акаба булуӊдары м-н чулганып, батышынан Ливия, түш­түгүнөн Судан, түндүк-чыгышынан Израиль ж-а

Палестина м-н чектешет. Египет Европа, Америка өлкөлөрүн Азия ж-а Чыгыш Африка өлкөлөрү м-н байланыштырган эл аралык аба ж-а деӊиз жолдорунун кесилишинде жайгашкан. Египеттин аймагынан Атлантика океанын Инди океаны м-н туташтырган кыска деӊиз жолу – Суэц ка­налы өтөт. Аянты 1001,4 миӊ км2 (анын 96%и чөлдүү аймак). Калкы 100,7 млн (2019). Мамлекеттик тили – араб тили. Акча бирдиги – Египет фунту. Борбору – Каир шаары. Административдик жактан 27 муха­фазага (губернаторлукка) бөлүнөт (к. табли­цаны). Египет – БУУнун (1945), ЮНЕСКОнун, Африка сою­зунун (1963), Араб өлкөлөр лигасынын (1945), Ислам конференция уюмунун (1969), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), ЭВФтин (1945) ж. б. уюм­дардын мүчөсү. Таблица бар

Мамлекеттик түзүлүшү. Египет -- унитардык республика. Констиитуциясы 1971-жылы кабыл аллынган. Башкаруу формасы -- президенттик республика. Мамлекеттин жана аткаруу бийлигинин башчысы -- президент. Мыйзам чыгаруу бийлиги Элдик жыйынга жана Консультациялык кеңешке таандык. Аткаруу бийлиги премьер-министр башында турган өкмөт (министрлер совети) тарабынан да ишке ашырылат. Бийликтин президентке жана өкмөткө да көз каранды эмес жалгыз бутагы -- сот системасы.

Египетке көп партиялуу система мүнөздүү. Негизги саясий партиялары: Улуттук демократиялык партия, Социалисттик эмгек партиясы, Либералдык-социалисттик партия ж.б.

Таблица бар

Египет – унитардык рес­публика. Конституциясы 1971-жылы кабыл алын­ган. Башкаруу формасы – президенттик респуб­лика. Мамлекеттин ж-а аткаруу бийлигинин башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийли­ги Элдик жыйынга ж-а Консультациялык кеӊешке таандык. Аткаруу бийлиги премьер-ми­нистр башында турган өкмөт (министрлер сове­ти) тарабынан да ишке ашырылат. Бийликтин президентке ж-а өкмөткө да көз каранды эмес жалгыз бутагы – сот системасы. Египетке көп партиялуу система мүнөздүү. Негиз­ги саясий партиялары: Улуттук демократиялык партия, Социалисттик эмгек партиясы, Либералдык-со­циалисттик партия ж. б.

Табияты. Өлкөнүн субтропик ж-а тропик кеӊдиктериндеги абалы жаан-чачындын аз жаа­шы климатынын кургакчыл, чөл ж-а жарым чөл ландшафттарынын басымдуу болушуна шарт түзгөн. Чарба тиричилиги негизинен Нил­дин өрөөнүн ж-а дельтасын (өлкөнүн аянтынын 3%ке жакыны), оазистерди, ошондой эле айрым деӊиз жээктерин ээлейт. Жер Ортолук деӊиз жээги Нилдин дельтасынан 1000 км батышты карай жапыз, таштак, жардуу, дельтадан чыгышты

Нил өрөөнүндөгү оазис .

карай кумдуу саяӊдар мүнөздүү жантайыӊкы өндүрлөр, дельтасынын өзү жапыз лагуналуу. Кызыл деӊиздин жээги (уз. 1900 кмдей) негизи­нен тик капталдуу бийик тоолор м-н чектеш­кен кууш пляждуу тилке. Жээгин деӊизден ко­ралл рифтүү жазы тилке бөлүп турат.
Египеттин басымдуу бөлүгүн бийиктиги 300 мден 1000 мге жеткен платолор ээлейт; алар – Ливия чөлү (өлкөнүн 2/ 3 бөлүгү), Араб чөлү, Нуби чөлү. Ливия чөлүнүн түндүгүндө ж-а чыгышында таш­туу (хамада) ж-а шагылдуу (серир) чөлдөр ба­сымдуу; аларга узатасынан (650 кмге чейин) со­зулган кум жалчалары мүнөздүү: Ливия чөлүнүн батышында бархандарынын бийиктиги 300 мге жеткен кумдуу чөл мейкиндиги жатат. Ливия ж-а Араб чөлдөрүнүн таштак платолорун Нил

Араб жарым аралындагы хамада (таштуу чөл).

дарыясы кесип өтөт; анын Египеттин аймагындагы узундугу 1200 кмдей, жазылыгы түштүгүндө 1–3 км, түн­дүгүндө 20–25 кмге чейин. Платолор чыгышты карай акырындап, 2000 м бийиктикке чейин көтөрүлүп, Кызыл деӊизге ж-а Суэц булуӊуна тик түшөт. Түндүк-чыгышындагы Синай жарым аралы өл­көнүн эӊ бийик бөлүгү (2737 м, Катерин чоку­су). Маанилүү түздүктөрү деӊиз жээктеринде, Нилге чектеш жерлерде, негизинен өлкөнүн түндүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан; анда деӊиз деӊгээлинен төмөн жаткан ойдуӊдар (Каттара, 133 м; Файюм, 43 м) бар.

Египет Африка платформасынын түндүк-чыгышынан орун алган. Өлкөнүн түштүк-чыгыш зор бөлүгүн Нуби--Араб калканынын капталы ээлейт. Анда Чыгыш чөлү тектоникалык көтөрүлүүсү, Нил синеклизасы, Нуби антеклизасы, түндүк-батыш бөлүгүндө Ливия-Синай перикратон ийилүү зонасы, түрдүү багыттагы тектоникалык жаракалар жайгашкан. Кызыл деӊиз, Суэц ж-а Акаба булуӊдары грабендерин чектеп турган жаракалар Чыгыш Африка жаракалар системасына кирет. Плат­форманын калканында темир, цинк, коргошун, калай, молибден, хром, никель, берилий, тан­тал, ниобий, алтын, платформанын жабынды­сын түзгөн чөкмө тектерде фосфорит, темир, таш көмүр, марганец рудалары, ошондой эле гипс, кайнат­ма туз, курулуш материалдары, Суэц булуӊун­да нефть, газ кендери бар.
Климаты негизинен чөлдүү болгондуктан, аба­нын температурасы сутка ичинде кескин өзгөрөт. Эӊ суук айы – январдын орточо температурасы түндүгүндө 11–12°С, түштүгүндө 15–16°С, эӊ жылуу айы – июлдуку түндүгүндө 25–26°С, түштүгүндө 30– 34°С. Суткалык орточо температурасынын жылдык өлчөмү 7000–9000°С; мындай температуралык шарт (эгерде ным жетиштүү болсо) жылына бир нече түшүм алууга мүмкүндүк түзөт. Бирок өлкөнүн ба­сымдуу бөлүгүндө жылына 100 ммге чейин гана жаан-чачын жаагандыктан, дыйканчылык сугатка муктаж. Жер Ортолук деӊиздин жээк зона-
Ливия чөлүнүн түндүгүндө ж-а чыгышында таш­туу (хамада) ж-а шагылдуу (серир) чөлдөр ба­сымдуу; аларга узатасынан (650 кмге чейин) со­зулган кум жалчалары мүнөздүү: Ливия чөлүнүн батышында бархандарынын бийикт. 300 мге жеткен кумдуу чөл мейкиндиги жатат. Ливия ж-а Араб чөлдөрүнүн таштак платолорун Нил

Араб жарым аралындагы хамада (таштуу чөл).

д. кесип өтөт; анын Е-тин аймагындагы уз. 1200 кмдей, жазылыгы түштүгүндө 1–3 км, түн­дүгүндө 20–25 кмге чейин. Платолор чыгышты карай акырындап, 2000 м бийиктикке чейин көтөрүлүп, Кызыл деӊизге ж-а Суэц булуӊуна тик түшөт. Түн.-чыгышындагы Синай ж. а. өл­көнүн эӊ бийик бөлүгү (2737 м, Катерин чоку­су). Маанилүү түздүктөрү деӊиз жээктеринде, Нилге чектеш жерлерде, негизинен өлкөнүн түн.-батыш бөлүгүндө жайгашкан; анда деӊиз деӊгээлинен төмөн жаткан ойдуӊдар (Каттара, 133 м; Файюм, 43 м) бар.
Египет Африка платформасынын түндүк-чыгышынан орун алган. Өлкөнүн түштүк-чыгыш зор бөлүгүн Нуби–Араб калканынын капталы ээлейт. Анда Чыгыш чөлү тектоникалык көтөрүлүүсү, Нил синек­лизасы, Нуби антеклизасы, түндүк-батыш бөлүгүн­дө Ливия-Синай перикратон ийилүү зонасы, түрдүү багыттагы тектоникалык жаракалар жайгаш


­сында гана кыш мезгилинде жаан-чачындын өлчөмү 200–400 ммге жетет. Жаз мезгилине түштүктөн же түштүк-батыштан (Сахарадан) кур­гак ж-а ысык – хамсин шамалы 50 күндөй өтө катуу согуп турат.
Өлкөнүн аймагы аркылуу туруктуу аккан дарыя ж-а калкты суу м-н камсыз кылуучу не­гизги булак – Нил дарыясы. Ал Чыгыш Афри­ка бөксө тоосунан башталып, Жер Ортолук деӊизге куят; Нил дарыясынын суусунун жарымы Юсуф дарыясы аркылуу Биркет-Карун көлүнө куят. Чатында аянты 24 миӊ км2 болгон көп салалуу ж-а көлдүү дельтаны пайда кылат. Асуан пло­тинасы курулгандан кийин өлкөнүн түштүгүндө ири суу сактагыч (сыйымдуулугу 164 млрд м3) пайда болгон. Нилдин суусу жайдын аягы – күздө ки­рет; агымы негизинен плотиналар системасы ар­кылуу жөнгө салынып турат. Жер астындагы сууларга да бай, алар оазистерде кеӊири пайда­ланылат.
Климатынын өтө кургакчылдыгына байла­ныштуу топурак, өсүмдүктөрү начар өөрчүгөн. Маданий өсүмдүктөр ээлеген Нилдин өрөөнүнөн,

Асуан плотинасы.

анын дельтасынан ж-а оазистерден башка ба­сымдуу бөлүгүндө өсүмдүктөр дээрлик жокко эсе. Начар өөрчүгөн скелеттүү топурактар, шор жер­лер кездешет. Нил дарыясынын өрөөнүндөгү ж-а дель­тасындагы топурак кыртышы өтө баалуу, ал байыркы ж-а азыркы аллювий тектеринде ка­лыптанып, суу ташкындаганда сиӊимдүү зат­тар м-н толукталат; бирок дыйканчылыгы су­гаруунун алаптык системасына туруктуу өтүү­сүнө байланыштуу минералдык жер семирткич­ке дайыма муктаж. Чөл ж-а жарым чөлдөрдө дан өсүмдүктөрүнүн ж-а ксерофит бадалдарынын айрым түрлөрү кездешет.
Египеттин аймагы табиятынын өзгөчөлүктөрү боюнча төмөнкү физикалык-географиялык райондорго бөлүнөт: Н и л ө р ө ө н ү – сугарылма маданий ланд­шафттуу регион. Н и л д и н д е л ь т а с ы н д а ирригациянын негизинде түзүлгөн маданий ланд­шафт көлдөр ж-а айрым саздак жерлер м-н айка­лышат. Л и в и я ч ө л ү – көчмө кумдар пайда кылган рельефтин формасына жараша калып­танган чөлдүү ландшафт. А р а б ч ө л ү ж-а Н у б и ч ө л ү н ү н т ү н д ү г ү – плато ж-а дөӊсөөлөрдүн тилмеленген жерлериндеги таш­туу ж-а шагылдуу чөлдөр. Ж е р О р т о л у к д е ӊ и з ж э э к т е р и – жер ортолук деӊиздик табияттын айрым элементтери мүнөздүү ж-а ма­даний ландшафтка көбүрөөк айландырылган түздүктүү аймак. С и н а й ж а р ы м а р а л ы – Суэц каналы ж-а Кызыл деӊиздин Акаба булуӊу м-н чектешкен, мезгил-мезгили м-н агым пайда болуучу сайлар (уэддер) ж-а аларды бой­лой өскөн суйдаӊ өсүмдүктөр мүнөздүү жарым чөлдүү аймак.

Калкы. Негизги калкы (94%; 2005) египеттик­тер (арабдар). Алар негизинен Нил дарыясынын өрөөнүндө ж-а анын дельтасында, Суэц кана­лын жээктей, оазистерде отурукташкан. Асуан­дан жогору, Нил өрөөнүндө – нубилер, Кызыл деӊиздин жээгиндеги чөлдөрдө көчмөн бедуин­дер, Сива оазисинде – берберлер, шаарларда, ошондой эле европалыктар м-н азиялыктар (армян­дар, сириялыктар, гректер, италяндар, француз­дар, англистер ж. б.) жашайт. 1960-жылдары төрөлүүнү чектөө боюнча мамлекеттик программа түзүлгөн. Натыйжада 1960-жылдардан 1990-жылдарга чейин төрөлүү 1000 адамга 46дан 28ге чейин, ал эми өлүм-житим 20дан 8,5ке чейин кыскарган. 1990-жылдарда калктын табигый өсүүсүнүн жыл­дык орточо темпи 2% болсо, 2006-жылы 1,8%ти түзгөн. Калктын курактык структурасында эмгекке жа­рамдуу курактылар (15–64 жаштагылар) басым­дуу – 62,9%, 15 жашка чейинки өспүрүмдөр – 32,6%, 65тен ашкандар – 4,5%. Калкынын жа­шынын күтүлгөн орточо узактыгы 71,3 жыл (эркек­териники 68,8, аялдарыныкы 73,9 жыл). Шаар кал­кы 43,9%. Калкынын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 73 адам. Экономикалык активдүү калктын 58%и тейлөө чөйрөсүндө, 28%и айыл чарбасында, 14%и өнөр жайында иш­тейт. Мамлекеттик дини – ислам. Ири шаарлары: Каир

Каирдин жалпы көрүнүшү.

(калкынын саны 7,9 млн; 2007), Александрия (3,9 млн), Эль-Гиза (2,5 млн), Шубра-эль-Хейма (1,0 млн), Порт-Саид (555 миӊ), Суэц (0,6 млн) ж.б.

Тарыхы.

Е-тин Рим каратканга чейин тары­хын Египет Байыркы макаласынан кара. Рим империясы кулагандан (395-ж.) кийин Е. Византиянын провинциясы болуп калат. Б. з. 7-к-нда Е-тин калкы христиан динин ка­был алат. 639–42-ж. арабдар басып алган соӊ, өлкөдө ислам дини м-н араб тили жайылып, мад-ты бийик деӊгээлге жетет. Аббасиддер (9– 10-к.) халифаты кулагандан кийин Е. көз ка­рандысыздыкка жетип, Фатимиддер (969–1171) ж-а Айюбиддер (1171–1250) династияларынын тушунда экономикасы жогорулап, саясий жак­тан да бир топ кубаттанат. 1250-ж. Е-ти мам­люктар басып алат. Е. Осмон империясына ка­раган мезгилде (1517–1914) египеттиктер бош­тондук үчүн далай ирет күрөшкө чыгып, түрк султанынын бийлигин кыйла начарлаткан. Е. пашасы Мухаммед Алинин (1805–48) тушунда Е. өз алдынча мамлекет болуп турган. 19-к-дын ортосунда англ. ж-а франц. капи­талдын тарала башташы м-н Е-те абал татаал­дай баштап, Суэц каналын куруу учурунда айрыкча күч алат. 1879-ж. «Египет египеттик­тер үчүн» деген ураан м-н Е-тин тунгуч улуттук саясий уюму «Ватан» чыгат. 1881-ж. Ораби паша (Араби-паша) башында турган төбөлдөргө ж-а чет элдик колониячыларга каршы Каир гарни­зону көтөрүлөт. Улуттук-боштондук кыймылы басылган соӊ, Е. Улуу Британия тарабынан ок­купацияланган. 1914-ж. Улуу Британиянын протектораты болуп жарыяланган.
Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин улуттук­боштондук кыймылдын 1919–21-ж. күчөшүнөн улам, 1922-ж. Улуу Британия Е-ти көз каран­дысыз королдук деп таанууга аргасыз болот. Би­рок Улуу Британия Е. королунун ж-а анын өк­мөтүнүн тышкы ж-а ички саясатында үстөмдүгүн сактап, Суэц каналынын аймагында аскерлерин кармап турган. 1936-ж. Англия-Египет келиши­ми түзүлүп, Е-ке бир аз көбүрөөк укук берилген,

бирок бийлик Улуу Британиянын колунда кала берген.
Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Е-те улут­тук-боштондук кыймыл күч алат. 1948–49-ж. Араб-Израиль согушунда Е. жеӊилүүгө дуушар болгон. Армияда Гамаль Абдел Насер башын­да турганЭркин офицерлер» деген жашыруун саясий уюм түзүлгөн. Ал уюм рев-ялык төӊкөрүштү жетектеп, натыйжада 1953-ж. 18-июнда Е. респ. болуп жарыяланган. Өлкөдөн англ. аскерлер чыгарылып, Суэц каналы мамлекеттештирил­ген. 1956-ж. Англия-Франция-Израилдин бир­гелешкен агрессиясына египет аскерлеринин каршылык көрсөтүүсүнүн натыжайсында агрес­сорлор өлкөдөн чыгууга аргасыз болот. 1967-ж. «алты күндүк согуштун» жүрүшүндө Израиль Синай ж. а-н Суэц каналына чейинки Е. айма­гын басып алат. 1968-ж. Насер «30-март програм­масын» жарыялап, агрессияга каршы күрөшкө бардык каражатты жумшоого чакырган. Прези­дент Насердин өкмөтү бир топ социалдык-экон. реформаларды жүргүзгөн (к. Насер Гамаль Аб­дель). Насер өлгөндөн кийин (1970) президент­тикке Анвар Садат (1971) келген. Бул учурда менчик капитал үстөмдүк кыла баштаган. 1973-ж. Е. «октябрь согушу» деп аталган согуш­тук аракеттерин баштап, Синай ж. а-н Израиль аскерлеринен акырындык м-н бошото баштаган. 1979-ж. Египет-Израиль тынчтык келишими­нин түзүлүшү м-н эки өлкөнүн ортосундагы чыр­чатак толук чечилген. 1981-ж. А. Садат мусул­ман фундаменталисттеринин жашырын тобунун («аль-Жихад аль-Жадид» – «Жаӊы Жихад») мүчөлөрү аркылуу өлтүрүлгөн. Анын ордуна кел­ген Х. Мубарак Ж. Чыгышты тынчтык зонасы­на айландыруу сунушу м-н дүйнөлүк коомчу­лукка кайрылган. 1982-ж. Е-ке Израиль тара­бынан Синай ж. а. толугу м-н (Таба анклавы 1989-ж.) кайтарылган. 1984-ж. Е. Ислам конф-я уюмуна кайрадан мүчө болуп калган. Иран-ирак согушунун (1980–88) жүрүшүндө Иракка колдоо көрсөтүп, Перс булуӊундагы өлкөлөр м-н ас­кердик, экон., саясий байланыштарын кеӊейт­кен. Е. тышкы саясатын көз карандысыз ба­гытта жүргүзүүгө умтулат.

Экономикасы.

Е. – агрардык-индустриялуу өл­кө. 2006-ж. ИДПнин көлөмү 328,1 млрд АКШ долларын түзгөн (араб өлкөлөрүнүн ичинен Сауд Арабиясынан кийинки 2-орунда), а. и. өнөр жайынын үлүшү 35,5%, а. ч-ныкы 14,7%, тей­лөө чөйрөсүнүкү 49,8%. Аны киши башына бө­лүштүргөндө 4200 доллардан туура келет. Валю­танын кыйла бөлүгү экспорттон, а. и. негизи­нен нефть м-н газдан (11,5 млрд доллар) ж-а эмгек мигранттары которгон акчадан түшөт.
Индустриялаштыруу процесси башталганга чейин, 1960-жылдары Е-тин экономикасында а. ч. үстөмдүк кылган (азыр да а. ч-нда эмгек ресурсунун 40%ке жакыны иштейт). 1970-жыл­дары негизги экспорттук продукция пахта бол­гон, кийин алдыга нефть чыккан.
Е-тин аймагынын 97%ке жакынын чөл ээле­гендиктен, а. ч. бир нече оазисте гана өнүккөн. Кайрак жерлери негизинен Жер Ортолук деӊиз аймагындагы кууш тилкени гана түзөт. А. ч-га жарактуу жеринин жалпы аянты 3,3 млн га (өлкөнүн аймагынын 3,3%ин ээлейт), анын

Нилдин өрөөнүндөгү айыл ландшафты.

97%и Нилдин өрөөнүн ж-а дельтасын ээлейт. Күрдүү аллювий топурагы ж-а инсоляциянын узактыгы түрдүү а. ч. өсүмдүктөрүн өстүрүүгө өтө ыӊгайлуу шарт түзөт. Бирок, дренаж система­сын түзүү анча жолго коюлбагандыктан, топу­рак кыртышын шор басуу проблемасы пайда бо­лууда. А. ч-га жарактуу жерин киши башына бөлүштүргөндө (0,45 га; 2007) дүйнөдө акыркы орунду ээлегени м-н пахтага, күрүчкө, жашыл­чага, сүт продукциясына болгон ички муктаж­дыгын толук, канттын 80%ин, эттин 75%ин камсыз кылат. А. ч-нын негизги тармагы – су­гат дыйканчылыгы (а. ч. продукциясынын 75%тен ашыгын берет). А. ч-га жарактуу жер­дин 85%ке жакыны сугарылат (негизинен Нил­дин суусу м-н); ирригациялык каналдардын жалпы уз. 33,2 миӊ км (2005). Экспортко чыга­рылчу негизги а. ч. өсүмдүгү – ичке булалуу пах­та; аны даярдоо б-ча Е. дүйнөдө 1-орунда. Ан­дан сырткары шалы, бал камыш, о. эле буу­дай, ак жүгөрү (сорго), жүгөрү, буурчак, шаар айланасында жашылча-жемиш, оазистерде кур­ма пальмасы өстүрүлөт. А. ч. өндүрүшү өнүккөн негизги райондору: Нилдин дельтасы (айыл кал­кынын 60% эмгектенет; мында шалы, пахта, буурчак, жемиш, жашылча); Каирдин айлана­сы (негизинен жашылча); Ортоӊку Е. (шалы, жүгөрү, ак жүгөрү, бал камыш, жашылча); Фай­юм оазиси (шалы, беде, жүгөрү, буурчак, ак жүгөрү, жашылча); Жогорку Е. (бал камыш, буудай, буурчак, беде, шалы). Жайыты тар бол­гондуктан, мал чарбасы анча өнүккөн эмес; не­гизинен уй, буйвол, эчки, кой, төө, жылкы, ка-

Бал камыш жыйноо.

чыр ж. б. асыралат. Жер Ортолук деӊиздин жээк тилкесинен, көлдөрдөн ж-а Нилден балык кар­малат (жылына 900 миӊ т).
Ө. ж-нын негизги тармагы – нефть-газ өн­дүрүшү, ал ИДПнин 12%ин, товардык экспорт­тун 40%тен ашыгын түзөт. 2005-ж. суткасына 696 миӊ баррель нефть, 34,7 млрд м3 газ өндүрүлгөн. Нефть Суэц каналы зонасынан, Си­най ж. а-нан, батыштагы чөлдөн, газ Алек­сандрияга жакын, Нил дельтасынан, Ливия чөлүнөн казылып алынат. Электр-тех. ж-а ма­шина куруу ө. ж. ишканалары даяр тетиктер­ден муздаткыч, телевизор, жеӊил ж-а жүк та­шуучу автомобилдерди, автобус, трактор курап чыгарат. Цемент ж-а фосфат чыгаруу өнүккөн.
Отун-энергетикалык ресурсун жерг. нефть, о. эле газ, гидроэлектр энергиясы (Асуандагы өлкө ичинде пайдаланылат. 2003-жылдан Эль- Ариш – Таба – Акаба (Иордания); Эль-Ариш – Таба – 248 км, Таба – Акаба – 16 км) газ куурла­ры иштейт. Е. өз ресурстарынын эсебинен электр энергиясына болгон муктаждыгын толук кам­сыз кылат. 2005-ж. 95,1 млрд кВт⋅саат электр энергиясы өндүрүлгөн; анын 1 млрд кВт⋅сааты экспортко чыгарылат (2001-жылдан). Электр­энергиясынын 79%и ЖЭСке, 21%и ГЭСке туу­ра келет. Каирден түштүктө – Эль-Курайматта гелиостанция, Хургадада (Эль-Гурдака) шамал электр курулмасы иштейт.
Кара металлургия ө. ж. жерг. сырьёнун (Эль- Гедида темир кенташынын) негизинде иштейт (жылына 3 млн т). Ири металлургия комбина­ты (жылына 4,4 млн т болот өндүрөт), кокс­химия з-дду, о. эле Суэцте, Александрияда, Са­дат-Ситиде з-ддор иштейт. Түстүү металлургия­нын негизги продукциясы алюминий (жылына 250 миӊ тга жакын алюминий өндүрөт). Химия ө. ж. негизинен кальцийленген сода (Александ­рияда), натрий сульфаты, минералдык жер се­мирткич (азот, фосфор жер семирткичтерин) чыгарат. Нефть-химия комплекстери Эль-Ами­рияда (Александрияга жакын), Эль-Файюмда курулган. Машина куруу ө. ж-нда металл кесүүчү станок, т. ж. вагонун, трактор чыгарып, авто­мобиль ж-а авиа чогултуучу ишканалары иш­тейт. Тиричилик техникаларын (муздаткыч, теле­ж-а радиоаппаратура ж. б.) чыгаруучу иш­каналары, кеме куруу верфи (Порт-Саидде) бар. Аскер ө. ж-нын да мааниси зор (курал, ракета, сооттолгон танк техникасын чыгарат). Текстиль ө. ж. эзелтен өнүккөн (кебез, жүн, жибек, син­тетика кездемелери ж. б.). Тамак-аш ө. ж-нын

Суэц каналынан өткөн автомобиль көпүрөсү.

маанилүү тармактары – ун, май, эт-сүт, кант, алкоголь ичимдиктерин, суусундук чыгарат.
Тейлөө чөйрөсү да өнүккөн. Негизги киреше­ни эл аралык туризм (2006-ж. 6,5 млрд доллар­ды түзгөн), Суэц каналы аркылуу өткөн чет өлкөлөрдүн кемелеринен алынган акы (пошли­на) берет (3,9 млрд доллар; каналдын өткө­рүмдүүлүгү 18,4 миӊ кеме). 2006-ж. 8,7 млн ту­рист (негизинен Европадан) келген. Туристтик

К ы зы л де ӊ изд ин жээгиндеги Хургада курорту.

бизнесте 1,6 млн адам алектенет; 170 миӊ орун­дуу 1200дөн ашык мейманкана иштейт. Рекреа­циянын негизин ыӊгайлуу табият-климаттык ресурстары (негизги курорттору Кызыл ж-а Жер Ортолук деӊиздердин жээктеринде жайгашкан) ж-а ар кайсы замандын маданий, тарыхый эс­теликтери түзөт; туризмдин экол., ишкердик, спорттук ж. б. түрлөрү, дейвинг өнүгүүдө. Е-тин кредиттик мекемелер системасы 54 банктан ту­руп, ал өз ичине Е-тин Борб. банкын, 27 ком­мерциялык банкты (4 мамл., 23 инвестиция­лык) камтыйт. Өлкөдөгү эӊ ири Каир-Алексан­дрия фонд биржасы иштейт (операциясынын көлөмү – 40 млрд египет фунту).
Ички жүгү автомобиль (уз. 92,4 миӊ км) ж-а т. ж. (5,7 миӊ км), о. эле дарыя (Нилдеги магис­тралдык каналдар б-ча 3 миӊ км) транспортто­ру аркылуу ташылат. Деӊиз соода флотунун тон­нажы – 987,5 миӊ регстрдик брутто-тонна же 1467,1 миӊ т дедвейт. Башкы порттору: Алек­сандрия, Эд-Дихейла, Думьят, Порт-Саид, Суэц, ж. б. Каир, Луксор, Хургада, Шарм-эш-Шейх ш-нда эл аралык аэропорттор бар.


Египет акчасы (фунт) .

Экспортко нефть ж-а нефть продуктулары, газ, пахта, кебез-кездеме жибин, азык-түлүк ж-а ө. ж. товарларын чыгарып, сырттан машина ж-а анын тетиктерин, азык-түлүк, цемент, ме­талл, жыгач ж. б. сатып алат. Негизги сырткы соода шериктери: АКШ, Франция, Германия, Япония, Италия, Испания, Сирия, Сауд Арабия­сы, Кытай.

Маданияты.

Б. з. 1-к-нда Александрия эллин мад-тынын чордону болуп турган. Илим иши Александрия академиясына, Александрия му­сейонуна (мад-т борбору) топтолгон. Астроно­мия, математика, статика сыяктуу тармактар өз бетинче бөлүнүп чыккан. 10-к-дын аягы – 11-к-дын башында египеттиктер Азия, Афри­кага саякат жасап, ал өлкөлөрдү сыпаттап жа­зып чыгышкан. 11-к-дын башында Каирде «Дар­аль-Улюм» («Билим үйү») деген илим борбору иштеген. 1004-ж. обсерватория курулуп, астр. таблицалар түзүлгөн. Медицина, химия илим­дери өнүккөн. 13–14-к. Европа ж-а Инди океа­нынын өлкөлөрү м-н экон. байланыштын өсү­шүнөн геогр. изилдөө иштери улантылган. 15– 18-к-да илимде өнүгүү болбой калган. 19-к-дын жарымында жүргүзүлгөн Мухаммед Алинин экон. реформалары ил. изилдөө иште­рин өркүндөтүүгө мүмкүндүк берген. Натыйжа­да агротехника, медицина кыйла өнүккөн; ка­нал ж-а сугат курулуштарын куруу кулач жай­ган; жаштар чет өлкөлөргө билим алууга жибе­рилип, кадрлар даярдалган. Е. геогр. коому (1845), бактериол. лаборатория (1885), геол. кызмат (1898), дыйканчылык коому (1898) уюштурулган. 20-к-дын 1-жарымында ил. изилдөө иштери кеӊейтилип, Астрономия ж-а геофизика ин-ту (1903), Океанография ж-а Кызыл деӊиз балык­чылык ин-ту (1929), Тропик оорулар ин-ту (1932) иш жүргүзө баштаган. 1939-ж. Улуттук изилдөө совети, 1941-ж. Египет Академиясы, 1951-ж. Ө. ж. ж-а хим. изилдөөлөр ин-ту негизделген. Учурда өлкөдө 14 ЖОЖ, а. и. Каир, Айн-Шамс, Александрия, о. эле аль-Азхар мусулман ун-тте­ри, о. эле Каирдеги Америка, Немис ж-а Египет француз менчик ун-тери ж. б. бар. 700 миӊден ашуун студенттер билим алышууда (2006). Е-тин билим берүү системасы өтө жогору бор­борлоштурулгандыгы м-н айырмаланат. Ал үч баскычтан турат: базалык (Ат-таалимм аль-аса­си), орто (Ат-таалимм ат-тамнауи) ж-а жогорку билим берүү (Ат-таалимм аль-гаммаи). 1981- жылдагы акысыз билим берүү ж-дөгү мый­замга ылайык, 6–14 жаштагы балдар базалык билим алуусу шарт. Ал эми диний билим берүү системасын Аль-Азхар ин-тунун Жогорку Кеӊе­ши жетектейт. Кеӊеш Билим берүү министрли­гине баш ийбейт, бирок Е-тин премьер-мини­стринин көзөмөлүндө турат. Бул мектептерде не­гизинен дин б-ча, о. эле башка предметтер да окутулат. Билим алып жаткан балдар ж-а кыздар бөлөк окушат. Алар окууну аяктаган соӊ, Аль-Азхар ун-тинен гана билимин уланта алышат. 2000-жылга карата мындай мектептер­де билим алгандар жалпы окуучулардын 40%ин түзгөн. Е-те философия, тарых, юридика, тил илими ж. б. илимдер о. кылымдардагы араб мад-ты­нын шарданында өнүккөн. 9–12-к-да коомдук илимдер гүлдөгөн чегине жетсе, 12–16-к. алар­дын кедери кеткен мезгил болгон. 16–19-к. өнүгүп-өспөй бир орунда туруп калган. Е. исто­риографиясы 9-к-да жаралган. Бизге жеткен биринчи тарыхый эмгек – Абдаррахман ибн Абд аль-Хакамдын чыгармасы. Анда шаарлар м-н эстеликтер сыпатталып жазылган. 14–15-к-да энциклопедиялар даярдалган. Булардын Е. та­рых илиминде жазма булак катары мааниси чоӊ. 19-к-дын 2-жарымында тарыхты чыгарма (буга чейин тарыхый хроника, тарыхый өмүр баяндык жанр болгон) катары жаза башташ­кан. Авторлор тарыхтагы маанилүү окуялар ар­кылуу доорду жалпы көрсөтүүгө аракет жасаш­кан. Бул багыттагы тунгуч чыгарма – Халил Ахмед ар-Рагаб жазган «Мухамед Али пашанын тарыхы».
О. кылымдагы араб грамматикасы м-н лек­сикологиясы инди грамматикасы ж-а грек ло­гикасынын таасиринде өнүккөн. Араб грамма­тикалык окуусун баштагандар – айтылуу «Аль- Китаб» («Китеп», 8-к.) трактатынын авторлору Халил ж-а анын шакирти Сибайхи. 20-к-дын баш ченине араб адабий тили бардык тар­мактарда пайдаланыла баштаган. Е-те 300дөн ашуун ар кандай басма сөз каражаттары, а. и. күндө чыгуучу 17 гезит: «Аль-Ахрам» «Аль-Ах- бар» «Аль-Гумхурия» ж. б. жарык көрөт. Өлкө­дө радиоуктуруу 1934-жылдан, телекөрсөтүү 1960-жылдан башталган. Бүгүнкү күндө Е. те­лекөрсөтүү ж-а радиоуктуруу кызматы – Ж. Чы­гыш аймагынын ичинде өнүккөн тармактардын бири.
Жаӊы Е. ад-ты араб өлкөлөрүнүн ад-ты м-н тыгыз байланышта, жалпы маданий мурастын негизинде түптөлгөн. 19-к-дын башында калып­тана баштаган. Ад-т м-н мад-ттын жаӊырышы­на Мухаммед Алинин реформалары м-н алгач­кы бурж. агартуучулар – акын ж-а публицист Шихаб-ад-дин (1786–1857), «Ал-Вакаи аль-мис­рия» аттуу туӊгуч гезиттин редактору Рифаа ат- Тахтави (1801–93), Е. улуттук китепканасынын негиздөөчүсү Али Мубарак (1824–93) ж. б. чыг­лыгы чоӊ түрткү берген. 1870-ж. публицисти­ка, поэзия өнүккөн. 1880-ж. Абдаллах Надым («Ата журт», «Арабдар»), Мустафа Камил («Ан­далусияны алуу») ж. б. оригиналдуу драмалык чыгармаларды жаратышкан. Араб тарыхый романына ливандык эмигранттар Жиржи Зей­дан («Качкын мамлюк», 1891), Фарах Антун («Жаӊы Иерусалим же арабдардын Иерусалим­ди басып алышы», 1904) негиз салышкан. 20-к­дын 1-жарымында 19-к-дагы Батыш Европа ж-а орус классикалык ад-тын таануу, новелла, повесть, роман сыяктуу жаӊы адабий жанрлар­дын калыптануу мезгили болгон. Поэзияда жа- ӊылануу жүрүп, романтизм бекемделген. Проза­да – реализм калыптанып, 1940–50-жылдары гүлдөгөн дооруна жеткен. Экинчи дүйнөлүк со­гуштан (1939–45) кийин карапайым адамдардын турмуш-тиричилигин, күрөшүн чагылдырган чыгармалар жаралган: Ибрахим Абд-аль Халим­дин «Турмуш лаззаты» (1946) аӊгеме жыйнагы, Абдаррахман аль-Шаркавинин «Жер» (1954), «Чоӊ көчөлөрдүн артында» (1958) романдары, Абдаррахман аль-Хамисинин «Канга боёлгон көйнөктөр» (1953), «Төгүлгөн кан кургабайт» (1956) аӊгеме жыйнагы ж. б. Респ-нын жарыя­ланышы (1953) акын-жазуучуларга жаӊы чыг­лык дем берген. Тауфик аль-Хаким («Назик кол­дор»), Юсуф Идрис («Күнөө»), Али Ахмед Бак­сир («Гоха мыгы»), Альфред Фараг («Фараон­дун кыйрашы») ж. б. социалдык-саясий драма­ларды жаратышкан. Ахмед Хашим аш-Шариф, Гамал ал-Гитани, Сулейман Файяд ж. б. изра­илдик агрессорлорго каршы (1967) ж-а алар ээле­ген жерлерди бошотуу үчүн күрөшкө үндөгөн чы­гармаларды жазышкан. 1955-жылдан Е. жазуу­чулар лигасы, Жазуучулар союзу иштейт. Со­налла Ибрагимдин (1937-ж. т.) ошол мезгилде­ги режимди сындаган ж-а Яхья ат-Тахир Аб­далланын айыл турмушун чагылдырган чыгар­малары окурмандардын арасында азыркы күнгө чейин белгилүү. Е-те эле эмес, чет элге да атагы тараган Наджиб Макфуз 1988-ж. ад-ттагы же­тишкен ийгиликтери үчүн Нобель сыйлыгына татыктуу болгон. Ал 40тан ашык роман, пьеса­ларды жараткан. Макфуздун «Children of the Alley» («Көчө балдары») аттуу романын бүгүнкү күнгө чейин чыгарууга тыюу салынган, бирок көпчүлүк окурмандар муну адилетсиз чечим деп эсептешет. Тевфик Хаким, Яхья Хакки ж-а Юсуф Идристин чыгармалары да окумдуу. На­валь аль-Саадави аттуу жазуучу айымдын чы­гармалары чет элдиктердин арасында кадыр­баркка ээ.
Байыркы маданий эстеликтер неолит ж-а энеолит доорунда жаралган. А. Македонский­дин Е-ти жеӊиши, байыркы Е. ж-а грек мад­тынын жакындашуусу Е. жеринде эллин мад­тынын таралышын шарттаган. 639-ж. арабдар­дын келиши м-н ислам дини жайылып, араб мад-ты түзүлө баштаган. 7–9-к-да мечиттер көп салынган (мис., Фустатта Амр ибн аль-Ас ме­чити, 641–642), 9- ж-а 10–12-к-да скульптура­лар, оймо-чиймелер м-н кооздолгон имараттар тургузулган. Каирде ибн Тулун (876–879), аль- Азхар (970–972), аль-Хаким (990–1013) мечит­тери, Калаун султандар комплекси (1284–85), Хасан султан мечит-медресеси (1356–63), Мам­люктар мавзолейи (15–16-к.) ж. б. курулган. 19– 20-к-да Е-те фр., итал., англ., бельгиялык арх­ралык имараттар, мис., Каирдеги аэропорт (1962, арх. С. Зайтун, М. Шавки), Александрияда «Па­лестина» мейманканасы (арх. Абл аль-Магид, Ш. Хосна), Ан-Насер пансионаты (арх. А. Ла­биб Габр) ж. б. пайда болгон. Байыркы Алек­сандрия китепканасы үчүн мурдагы эски има­раттын ордуна салынган заманбап китепкана 2002-ж. пайдаланууга берилген.
Е. сүрөт өнөрүнүн сакталып калган эстелик­тери фатимиддик бийлик дооруна таандык; Фустаттагы мончо фрескасынын фрагменттери (Каирдеги Ислам иск-во музейи, 10–11-к.), таш­ка, жыгачка, пил сөөгүнө түшүрүлгөн музыкант, бийчи, чабендестердин сүрөттөрү (Каирдеги Фа­тими ак сарайынын фриздери). Е. сүрөт өнөр мектебине негиз салгандар – Мухаммед Наги, Махмуд Саид, Ахмед Сабри. Өлкөнүн көрүнүктүү сүрөтчүлөрү катары Газбия Сери, Инджи Эфла-

Каирдеги Мухаммед Али мечити.

тоун, Абдель Вахаб Морси, Адель эль-Сиви, Ва­хиб Нассер ж. б-дын ысымдары белгилүү.
Е-ти арабдар басып алгандан кийин (7-к.) ык­чам ыргактуу ырлар, элдик профессионалдык музыканын салтындагы вокалдык аспаптык сюиталар – макамдар кеӊири таралган. О. кы­лымда Ибн аль Хайтан (11-к.), аль-Масаббахи (11-к.), А. Умайя (12-к.), Ибн Сана аль-Мульк, Алам-ад-дин Куайсар, Ан-Нувайри (14-к.), аль- Магрази (15-к.) өӊдүү теориячылар ж-а аткаруу­чулар кеӊири белгилүү болгон. 18-к-дын аяк ченинде европ. музыканын таасириндеги мен­чик муз. мектептер, европ. үлгүдөгү аскердик оркестрлер пайда болгон. 19-к-да Мухаммед аль- Кабани, лютнячы Ахмед аль-Лайти, флейтачы Амин Бузари, ырчылар Мустафа аль-Аггады, музыка таануучу Мухаммед Шихаб аль-Мульк ж. б. музыканттар өлкөдө кеӊири белгилүү бол­гон. 1869-ж. Каирде Опера театры (Африка кон­тинентиндеги туӊгуч опера театры) ачылган. 1927-ж. Музыкалык коом, 1929-ж. Араб муз. ин­ту, 1935-ж. Аялдар муз. ин-ту ачылган. Элдик иск-во ансамбли (1962-жылдан), Муз. акаде­мия, Жогорку балет ин-ту (1966) ж. б. көптөгөн муз. окуу жайлары бар. Ом Кольтумдун (1975-ж. дүйнөдөн кайткан) аткаруусундагы улуттук ко­лориттеги музыканын мыкты үлгүсү катары саналган поэзия ж-а опереттанын негизинде түзүлгөн ырлар бүгүнкү күнгө чейин популяр­дуу. Абдель Халим аль-Хафез ж-а Мухаммед Адб аль-Ваххаб сыяктуу аткаруучулары да бел­гилүү. Е. музыкасында европа музыкасынын эле­менттери да кеӊири тарай баштады, жаӊыдан тарап жаткан бул агымдын аткаруучуларынын ичинен Ихеб Тавфлик, Мохаммед Фуад ж-а

Чыгыш бийи.

Хакимдин чыг-лык чеберчиликтери артууда. Е. чыгыш бийлерин аткаруучулары м-н белгилүү. Аймактарда аль-хатталя, аль-бамбутыйя, аль­каффафа ж-а курсак бийи деп аталган бийлер таралган. 19-к-дан Е-те көчөдө ж-а ак сөөктөрдүн үйүндө бийлөөчү профессионал бийчилер болгон. 1958-ж. Каир балет мектеби ачылып, анын би­ринчи бүтүрүүчүлөрүнөн ж-а Москва хореогра­фия окуу жайын бүтүргөн египеттик кыздар­дан 1967-ж. биринчи балет труппасы (Улуттук балет) түзүлгөн. 1988-ж. Каир опера үйү Опера ж-а балет театрына айландырылган. Каирде За­манбап бий театры иштейт. Эл аралык заман­бап бий ж-а Улуттук бий фестивалдары өткө­рүлүп турат. 19-к-дын биринчи жарымында Е-те мухабби­зиттердин – куйкум сөз чеберлеринин өнөрү ке- ӊири тараган. Алар атайын аянттарда, базарлар­да өнөр көрсөтүп, элдин көӊүлүн кушубак кыл­ган. Наполеондун экспедициясы (1798–1801) Е-ти Европа мад-ты м-н тааныштырган. 19-к­дын 70-жылдары профессионал театр түзүлгөн. 1930-ж. Араб театр ин-ту ачылган. 1930-ж. Араб театр өнөрүн өнүктүрүү б-ча жогорку к-т, 1935-ж. мамл. туӊгуч Улуттук труппа, 1944-ж. Араб театр ин-ту түзүлгөн. 1961-ж. Каирде «Аль-Гум­хурия» театры ачылган. Мындан тышкары, Улуттук, Комедия, Дүйнөлүк театрлары бар. 1897-жылдан чет элдик режиссёр ж-а оператор­лор тарабынан чакан хроника, 1917-жылдан көркөм фильмдер тартыла баштаган. 1935-ж. Каирде «Миср» киностудиясы ачылган. 1930- жылдан белгилүү ырчы, композитор Абд аль- Ваххаб, Умм Кульсум катышкан муз., 40-жыл­дардан патриоттук көркөм фильмдер тартыл­ган. Е. кино өнөрүнүн жаӊы үлгүсү катары Ю. Шахиндин «Жамиля» (1959), «Жер» (1968) «Нилдеги адамдар» (СССР м-н бирдикте, 1970), А. Фахминин аткаруусундагы «Мумия» (1971) фильмдерин атаса болот. Мындан тышкары, Хенри Баракат, Мухаммед Хан, Салах Абу Сейф ж-а Атеф Эль-Тайиб аттуу кинорежиссёрлор­дун да тасмалары кеӊири белгилүү.

Ад.: Длин Н. А. Объединенная Арабская Республика. М., 1963; Медведко Л. И. К востоку и западу от Суэца. М., 1980; Беляев И. П., Примаков Е. М. Египет: время президента Насера. М., 1981; Арабская Республика Египет. Справочник. М., 1990; Египет // Большая Российская энциклопедия. 9 т. М., 2007.