ЖАА АТУУ
ЖАА АТУУ – эл аралык спорт оюндарына кирет, ок атуу спортунун бир түрү. Жаа атууда диаметри 80–122 см болгон 4 аралыктагы (30 мден 90 мге чейин) тегерек бутага 38 жебени атуу м-н мелдеш жүргүзүлөт. Ал Европада (биринчи жолу Швейцарияда) 15-кылымдан, жалпы жонунан 19-кылымдан спорт түрү болуп калыптанган. Жаа атуунун эл аралык федерациясы (ФИТА) 1931-жылы уюшулуп, 67 мамлекет мүчө болгон (1987). Жаа атуу Олимпия оюндарына 1900–08-, 1920-, 1973-жылдары кирген. Дүйнөлүк чемпионат 1931-жылдан (2 жылда бир), Европа биринчилиги 1968-жылдан өткөрүлөт. Жаа атуу мелдештеринде жаанын классикалык, олимпиялык («Олимпик»), блоктук («Компаунд») ж-а арбалет сыяктуу түрлөрү колдонулат.