ЖААН-ЧАЧЫН ӨЛЧӨГҮЧ
ЖААН-ЧАЧЫН ӨЛЧӨГҮЧ – атм. жаан-чачындын өлчөмүн аныктоочу аспап. Ал туура кесилиш аянты 500 см2, бийикт. 40 см келген цилиндр түрүндөгү чака ж-а өлчөөчү стакандан турат. Жаан чакага чогулгандан кийин, стаканга куюлуп өлчөнөт. Стакандын боорунда жер бетине түшкөн жаандын калыңдыгын мм м-н көрсөтүүчү шкалалар белгиленген. Чакага түшкөн кар, мөндүр ж. б. өлчөө алдында эритилет.
Өлчөгүч жерден 2 м, ал эми шаарда 20–30 м бийикте, мүмкүн болушунча шамал тийбегендей жерде орнотулат.