ЖАА РАЗРЯДЫ
ЖАА РАЗРЯДЫ – газдагы электр разрядынын бири. Анын жаркылдаган ток каналы жаа сымал көрүнгөндүктөн, ушундай аталган. Жаа разряды катоддогу токтун жогорку тыгыздыгы (102–108А/см2) ж-а разряд аралыгындагы потенциалдын азайышы м-н айырмаланат. Алгач 1802-жылы абадагы көмүр электродунун ортосундагы Жаа разрядын орус илимпозу В. В. Петров ж-а 1808-жылы англиялык окумуштуу Г. Дэви бири бирине байланышпастан эле байкашкан. Жаа разряды көп түрдүү, бирок ар бири өзүнчө белгилүү тышкы ж-а чектик шартта пайда болот. Жаа разряды катоддун бети боюнча иретсиз которулуучу ток жарык тагына (катоддук так) топтолот. Так бетиндеги температура катод материалынын кайноо температурасына жетет. Катоддогу токтун жүрүшүндө термоэлектрондук эмиссиянын мааниси чоң. Аноддо катодго караганда кыймылы аз, өлчөмү чоң жаркырак анод тагы калыптанат. Жогорку температурага чейин ысытылган ж-а иондошуу процессинде газ плазма түрүндөгү абалда, ал эми Жаа разрядынын мамычасы ар кандай узундукта болот. Жаа разрядына көмүр электродунун арасындагы абада эркин күйүүчү турактуу токтун разряды классикалык мисал боло алат. Жаа разряды лабораториялык жарыктын эталон булагы катары ж-а техникада (плазматрон, эритүүчү электр меши, электр ширетүү ж. б.) пайдаланылат. Көмүр анодунун ортосу көзөлүп, заттар м-н толтурулган. Жаа разряды кендерди, минералдык туздарды ж. б. спектрдик талдоодо колдонулат.