ЖАДЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАДЫ – малга чөп, саман (бакал), пая туурап берүү үчүн колдонулуучу чарба шайманы. Ж-нын кескичинин уз. 60–80 см. Бир учу узун эки жал­пак темирдин арасына бекитилет да, Ж-ны көтөрүп-басып иштеткенде, көп кыймылдабай турган салмактуу жалпак дөңгөчтүн ортосуна оюп киргизилет. Ж-нын кескичинин сабы эки колдоп басууга ылайыкталып, жыгачтан жа­салат. Ж-да чөп, саман тууроо үчүн 2 адам иш­теген. Учурда Ж. м-н иштөө да механикалаш­тырылган.