ЖАЗГАК
ЖАЗГАК – Жалал-Абад обл-нун Ноокен р-нундагы кыштак. Момбеков атн. айыл округуна караштуу. Бишкек – Ош автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 620 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Масы кыш-нан 23 км батыш тарапта. Шамалды-Сай т. ж. бекетинен 55 км. Кыштак 1963-ж. негизделген. Калкы 1229 (2007); негизинен талаачылыкта эмгектенет. Негизги мектеп, ФАП, тегирмен бар.