ЖАЗГЫЧ АКЫНДАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЗГЫЧ АКЫНДАР – төкмө акындардан ж-а ырчылардан айырмаланып, өз чыгармаларын кагаз бетине түшүрүп, элге кол жазма түрүндө таратуучу акындар. Кыргыз ад-ты негизинен оозеки түрүндө өнүккөн. Октябрь рев-ясынын алгачкы жылдарында, б. а. 19-к-дын аягы – 20-к-дын башында Ж. а. белгилүү боло башта­ган. Кыргыз ад-тынын тарыхында Ж. а-дын туңгуч өкүлдөрү Молдо Кылыч Шамыркан уулу­нун ж-а Тоголок Молдонун (Байымбет Абды­рахманов) ысымдары аталат. Алардын алгач­кы чыгармалары кол жазма түрүндө 19-к-дын 80-жылдары тарала баштаган. 20-к-дын ба­шында Ж. а-дын катары Алдаш Молдо, Ысак Шайбеков, Абылкасым Жутакеев, Токторалы Талканбаев, Шамей Токтобаев, Абдыкалык Чо­робаев өңдүү көркөм сөз чеберлери м-н толук­талды. Алар түрдүү тематикадагы, идеялык­көркөмдүк сапаты жагынан ар кыл чыгарма­ларды калтырышкан. Ж. а. ырларын жаратуу­да баарыдан мурда элдин оозеки чыг-лыгына ж-а аны сактап, өнүктүрүп келген төкмө акын, ырчылардын ырчылык салтына таянышкан. Бул акындар өз чыгармаларын кагаз бетине түшүрө баштаган мезгилде кыргыздарда бас­ма иши болбогондугуна байланыштуу, жазма ад-тынын өнүккөн салты болгон эмес. Кыргыз эли улуттук жазма ад-тка Октябрь рев-ясынан кийин гана ээ болду. Ошондуктан Ж. а-га эл­дик оозеки ад-т ж-а төкмө акындардын поэти­калык салты бирден бир адабий булак болушу мыйзам ченемдүү көрүнүш эле. Ж. а. төкмө акын­дар сыяктуу эле эпостордон тартып, чакан ли­рикалык чыгармаларга чейин айта да, жаза да билишкен. Алардын аткаруусундагы «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпостору, «Жаңыл Мырза», «Мендирман», «Шырдакбек», «Ак Саткын ме­нен Кулмырза» өңдүү поэмалар, жомоктор, анек­доттор, элдик лирикалык ырлардын вариант­тары бизге келип жетти. Ж. а. элдин көркөм сөз казынасын жыйнап, кагазга түшүрүү м-н гана чектелбестен, алардын айрым үлгүлөрүн, салт­тык түрлөрүн чыгармаларында кеңири пайда­лана билишкен, салттык сюжет, мотивдерди жаңы окуялар, жаңы образ, сүрөттөмөлөр м-н толуктап, көркөмдөөгө умтулушкан. Андай салттык жанрдагы лирикалык ырлар, жомок, дастандар идеялык, көркөмдүк жагынан алда канча чыңалып, замандын талабы м-н үндөш өзүнчө көркөм чыгармага айланган. Буга элдик поэмалардын негизинде жаралган Молдо Кы­лычтын «Буудайык», «Бүркүттүн тою», «Канат­туулар» өңдүү чыгармалары, Тоголок Молдо, Токтораалы Талканбаев, Абылкасым Жутакеев, Ысак Шайбеков ж. б. акындардын элдик салт­тык жанрдын негизинде түзгөн кошок, арман, санат, насыят, термелери, сатиралык поэмала­ры, тамсилдери мисал. Ж. а-дын чыг-лыгында­гы оозеки ж-а жазма ад-ттын салттарынын ай­калышы аларга өз ырларынын, поэмаларынын социалдык мазмунун тереңдетүүгө, көркөмдүгүн арттырууга, жаңы ыр формаларын, жанрдык түрдү өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк ачты, о. эле алар кыргыз ад-тына бараандуу салым кошуу м-н улуттук ад-ттын тарыхынан көрүнүктүү ордун тапты.


Ад.: Акындар чыгармачылыгынын тарыхынын очерктери. Ф., 1988; Артыкбаев К. ХХ кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхы. Б., 2004. А. Обозканов.