ЖАЗЫ-КЕЧҮҮ КӨРҮСТӨНҮ
ЖАЗЫ-КЕЧҮҮ КӨРҮСТӨНҮ – б. з. ч. 2-миң жылдыктын аягы – 1-миң жылдыктын башындагы археол. эстелик. Коло дооруна таандык. Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү Көк-Бел ашуусунун этегинде, Бишкек–Ош жолунун эки тарабында жайгашкан. Көрүстөн төрт чарчы ж-а тегерек таш тосмолор м-н курчалган байыркы 125 мүрзө. Көмүлгөн адамдардын сөөгү бүрүштүрүлгөн абалда же өрттөлүп, күлү карапа идишке салынып, коргончонун ортосундагы чуңкурга көмүлгөн. Көрүстөндүн чуңкурларынын үстүңкү жээги таштар м-н бекемделип, такталар м-н жабылган. Көмүлгөн адамдардын карапа идиштерин, азем

буюмдарын, коло сөйкөлөрүн ж. б. буюмдарын кошо көмүшкөн. Карапалар ар кандай геом. тулку, оймо-чийме м-н кооздолгон. 1970–73-ж. археолог Н. Г. Галочкина изилдеген.