ЖАЗЫК КОДЕКСИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЗЫК КОДЕКСИ – кылмыштуу аракеттер коомдук коркунуч болуп саналарын аныктоо­чу ж-а аларды жасагандыгы үчүн жаза өл­чөмдөрүн белгилөөчү чаралардын жыйындысы; КР ЖК кабыл алган нормативдик акты. Ж. к. эки бөлүктөн турат. Ж а л п ы бөлүгүндө КР Ж. к-нин милдеттери, принциптери ж-а жооп­керчилик негизи; бул кодекстин колдонулуш чектери; кылмыш түшүнүгү ж-а түрлөрү; жазык жоопкерчилигине тартылуучулар; күнөө ж-а анын түрлөрү; жаза түшүнүгү, максаттары ж-а түрлөрү; жаза белгилөөнүн негиздери; мед. мүнөздөгү мажбурлоо ж. б. чаралар камтылган.
Ө з г ө ч ө бөлүгүндө кылмыштардын түрү так аныкталып, алардын белгилери ачылып көр­сөтүлөт. Кылмыштардын тигил же бул бөлүмдөн орун алышы, алардын тектеш объектисинин бирдей экендигин түшүндүрөт.