ЖАЗЫ ӨРӨӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЗЫ ӨРӨӨНҮ – Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш капталындагы ландшафты кооз жер. Өзгөн р-нунун аймагында. Байбиче, Тор­гой-Дөбө, Доңуз-Тоо, Токсон-Кемпир тоолору, Сурташ ж-а Мырзаке ашуулары аркылуу Өзгөн өрөөнү м-н чектешет. Уз. 200 кмдей, туурасы 5– 6 км. Өзгөн ш-нан 70 км чыгыш тарапта, Ош­тон 130 км. Ж. ө. – Фергана мегантиклиналы­нын бир канаты көтөрүлгөн структуралары (Өз­гөн, Делдек-Тоо, Капкан-Тоо ж. б.) жаракалар м-н тилмеленген. Өрөөндү түзгөн байыркы тоо тектерге палеозойдо пайда болгон алевролит, кумдук, конгломерат ж. б. кирет. Калган бөлү­гүн мезозойдун, о. эле неогендин тоотектери түзөт. Тектон.-эрозиялык рельеф мүнөздүү. Анда байыркы пенеплендин калдыктары бар плато сымал тоолор (сырттар), туурасынан кеткен

Жазы өрөөнү. ойдуңдар, жер көчкүлөр, корумдар, шиленди конустар кеңири таралган. Жогорку бөлүгү – Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш капталын кесип өткөн терең капчыгай, чатына жакын тоо этегиндеги дөңсөөлүү түздүк. Климаты субтро­пиктик: күн тийүү узактыгы жылына 2500– 2700 с. Абанын темп-расы ж-а жаан-чачындын өлчөмү (300 ммден 1000 ммге чейин) аймактын абс. бийиктигине ж-а каптал экспозициялары­на жараша өтө ар түрдүү. Январдын орт. темп­расы эл отурукташкан бөлүгүндө –8… –15°С, июлдуку 14–24°С. Өрөөн аркылуу Жазы суусу агат. Күңүрт күрөң, коңур ж-а каралжын тоо топурагы басымдуу. Өсүмдүктөрү өтө ар түрдүү. Төмөнкү кургакчыл бөлүгүндө (1200 мм бийик­тикке чейин) кылкан өсүмдүк-шыбактуу кургак талаа кеңири таралып, улам жогорулаган са­йын (1200–1500 м) буудайык-дүйүм чөптүү та-


лаа м-н алмашат. Суу жайылмаларын, тоо капталдарынын түн. экспозицияларын, 1200– 2000 м бийиктиктерди жаңгак-мөмө-жемиштүү токой, ал эми түш. капталын, ошол эле бийик­тиктерди арпакан-дүйүм чөптүү шалбаалуу та­лаа ж-а акчечек-долонолуу сейрек токой ээлейт. Орто бийик тоолордо 2000 мден 3000 м бийик­тикке чейин токой (карагай-арча)-бадал-шалбаа­луу зона даана байкалат; анда өскүлөң ак сок­то-тарандуу (2000–2800 м) ж-а орто бийиктикте өскөн каз тамандуу шалбаа (2800–3000 м) кошо кездешет. Андан жогору (3300–3600 м) шалбаа­луу субальп талаасы ж-а чымдуу альп талаасы ээлейт. Ж. ө. – бальнеол.-баткак м-н дарылоо­чу курортко ылайыктуу аймак. Анда Кара-Шоро минералдуу суусу ж-а дары-баткак кени чыгат. Кара-Шоро кени Ж. ө-нүн борб. бөлүгүндө, Кача­ралатур ж-а Коңур-Дөбө сууларынын чаттары­на жакын 2400 м бийиктикте жайгашкан. Көмүр кычкыл хлорид-гидрокарбонат натрийлүү (ми­нералдануусу 2,4–3,1 г/л) ж-а көмүр кычкыл гидрокарбонат-хлорид натрийлүү (5,3–15 г/л) ¹ 5 бургулоо көзөнөгүнөн чыккан суу (сутка­лык дебити 29,4 м3) дарылоо-суусундук катары «Кара-Шоро ¹ 5» деген ат м-н бөтөлкөгө кую­луп алынат (жылына 1–1,5 млн бөтөлкө). Кый­мыл (Жазы-Тогай) дары баткак кени Ж. ө-нүн төмөнкү бөлүгүндө, Өзгөн ш-нан 6 км түн.-ба­тыш тарапта жайгашкан; Өзгөндөн 6 км түн.- чыгышта Чымбай кени бар. Бул эки кендин баткагынын курамы бирдей; ылай катмарчала­ры бар сульфид чым-көңдүү; Кыймыл кенинин запасы 234 миң т, Чымбай кениники 157 миң т.
Өрөөндүн 50%ке жакыны жайыт катары пай­даланылат, 10%и айдоо жер, анда бакча өсүм­дүктөрү, күн карама, гозо, жүгөрү өстүрүлөт.
Өрөөн аркылуу Өзгөн ш-нан Кара-Шорого кетчү автомобиль жолу өтөт.


Ад.: Ильин А. И. Водные ресурсы Ферганской до­лины (гидрологический очерк). Л., 1959; Глушкова М. И., Данилина А. П. Основные черты рельефа юго­западных склонов Ферганского хребта // Известия АН Кирг. ССР. Серия естественных и технических наук. Т. 2. Вып. 10. Ф., 1960; Рахманов Т. Р. О зональ­ности рельефа и рельефообразующих процессов на юго­западном склоне Ферганского хребта. // Известия АН Кирг. ССР. ¹ 5. Ф., 1973; Орехово-плодовые леса Юга Кыргызстана. Б., 1997; Бараталиев Ө. Б. Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталынын табияты­нын өзгөчөлүктөрү жана анын геоэкологиялык абалы. Б., 2002. С. Ахмедов.