ЖАКШЫЛЫК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАКШЫЛЫК Сарык уулу (1880, азыркы Ысык- Көл обл., Түп р-ну, Шаты айылы – 1934, ошол эле жер) – семетейчи. Өмүрү ж-а чыг-лыгы ж-дө жазылып калган материал жок. Эл ичинде «Кара ырчы» деген ат м-н таанымал болгон. 1929-ж. Х. Карасаев, Б. Жаркынбаев ж-а О. Мамыр­канов Ж-тын айтуусунда «Семетей» м-н «Сей­текти» жазып алышкан. Ал кол жазма 12 ки­тепче (дептер) болуп, КР УИАнын Кол жазма­лар фондусунда сакталып турат. Ж-тын «Семе­тейинде» жалпы сюжеттик нук сакталган, Кан­чоро м-н Күлчоронун образдары С. Каралаев, Тоголок Молдо, Шапак Рысменде уулу сыяктуу манасчылардын варианттарынан өзгөчөлөнүп турат. Ж-тын «Жылдыз» аттуу поэмасы эл ара­сына кеңири тараган.


Ад.: Кыргыз адабиятынын тарыхы. II т. Б., 2002.