ЖАКЫПБЕКОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАКЫПБЕКОВ Ашым (12. 8. 1935, Талас обл., Кара-Буура р-ну, Шекер айылы – 4. 6. 1994, Бишкек)

– жазуучу, киносценарийчи, адабий ишмер ж-а котормочу, КРдин мад-тына эмг. сиң. ишмер (1993), КРдин Токто­гул атн. мамл сыйл. лауре­аты (1996; көзү өткөндөн ки­йин). 1958-ж. КМУнун кыр­гыз филологиясы ф-тин бүтүргөн. 1958–61-ж. «Ала- Тоо» журналынын редакция­сында бөлүм башчы, 1961– 63-ж. Талас обл-нын Шекер айылындагы орто мектепте мугалим, 1964-ж. «Кыргыз­мамбаста» редактор-кон­сультант, 1965–69-ж. «Мектеп» басмасында ре­дакция башчысы, 1969–72-ж. «Кыргызфильм» киностудиясынын башкы редакторунун орун ба­сары, 1972–85-ж. башкы редактор, 1985–87-ж. Кырг-н жазуучулар союзунда «Манас» сектору­нун кызматкери, 1987–93-ж. «Кыргыз мадания­ты» гезитинин башкы редакторунун орун баса­ры, башкы редактору, 1993-жылдан «Манас- 1000» мамл. дирекциясынын «Манас» эпосу б-ча башкы адиси болуп иштеген. 1961-ж. «Жа­ралуу көгүчкөн» аттуу биринчи аңгемелер жый­нагы жарык көргөн. «Катаал багыт» (1966) по­вести, «Биз атасыз өскөнбүз» (1969), «Кыргыз жеринин жомоктору» (1981), «Шаа-Ата» (1990) деген аңгемелери анын кылдат стилист, талант­туу сөз чебери экендигин айгинелейт. Ж. кыр­гыз профессионал кино өнөрүнүн өсүп-өнүгүшүнө бараандуу салым кошту. Анын «Ысык-Көлдүн апийими», «Ата журт», «Айдагы жезкемпир» сыяктуу сценарийлери бар. Котормочу катары С. Цвейгдин, М. Лермонтовдун, М. Горькийдин, А. Чеховдун, о. эле Ч. Айтматовдун орус ти­линде жазылган чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Ж. 40 басма табактан ашык көлөмдөгү «Манас» эпосунун сюжетинин негизинде кара сөз түрүндө «Теңири Манас» (1994) романын жаз­ган. «Манас» эпосун жайылтууда чоң эмгек сиңирген. Жазуучу кыргыз көркөм сөз өнөрү­нүн өнүгүүсүнө, адабий процесстин алга жы­луусуна зор салым кошуп, окурманга эстетика­лык рахат, руханий азык болуп бере алган чы­ныгы көркөм чыгармаларды жаратты. Чыгар­малары орус ж. б. тилдерге которулган. Туу­луп-өскөн айлындагы бир көчөгө ысмы берил­ген. П. Казыбаев.