ЖАКЫРЧЫЛЫК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАКЫРЧЫЛЫК – жеке адамдын же анын үй­бүлөсүнүн кирешеси алардын негизги керек­төөсүн канааттандырбаган абал. Ж. кандайдыр бир көрсөткүчкө ээ эмес. Түрлөрү: а) абсолюттуу мамиле – тиричилик минимумун же жакыр­чылык деңгээлин белгилөөнү түшүндүрөт; б) са­лыштырмалуу мамиле – орто кирешенин 50% деңгээлинде Ж. чегин белгилөөнү түшүндүрөт; в) субъективдүү мамиле. Көрсөтүлгөн мамиле­нин бирин да Ж-ты аныктоодо так деп атоого болбойт. Жакыр элдин динамикасы‚ курамы ж-а социалдык кыймылдуулугу олуттуу болуп саналат. Ж. көрсөткүчү жакырчылык деңгээли­нен (жакырчылык чегинен) төмөн жашаган‚ б. а. кирешеси тиричилик минимумунан аз калк­тын үлүшү болуп эсептелет. Бул көрсөткүч өз кезегинде кирешени бөлүштүрүүнүн теңсизди­гине ж-а жакырчылыктын чегинин жогорула­шына жараша болот.