«ЖАЛАЙЫР ЖАЛГЫЗ»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:28, 29 Апрель (Чын куран) 2025 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ЖАЛАЙЫР ЖАЛГЫЗ» – жөө жомоктун не­гизинде түзүлгөн турмуштук поэма. КР УИАнын Кол жазмалар фондусунда поэманын 16дан ашуун варианты сакталып турат. Айрым ва­рианттары басма сөздө жарыяланган. Жомок ­баяндагы баш каарман Жалайыр жалгыз (Жа­лайыл, Жайдин уулу Жалайил) душман алдын­да жалгыз болот. Карындашы Гүлсананын об­разы поэманын бардык варианттарында алдың­кы планда болуп, анын кайраттуу мүнөзү, ай­лакерлик иш-аракети жеткиликтүү сүрөттөлгөн. Окуя эпикалык салттуу мотивдер, айтуучулар­дын алымча-кошумчалары менен өз алдынча сю­жет катары элдик оозеки чыгармачылыктан орун ал­ган. Б. Алыкулов, М. Зулпуев, Т. Абсатаров­дон жана памирлик, жерге-талдык (Тажикстан) кыргыздардан жазылып алынган варианттар өзгөчө көркөм айтылып, архаикалык мүнөздөгү окуялардан, кызыктуу эпизоддордон турат. Аф­ганстандык кыргыздардын айтуусундагы «Жалайыр жалгызды» Реми Дор жазып алган.


Ад.: Кыргыз адабиятынын тарыхы. III т. Б., 2002. Г. Орозова.