ЖАЛАЛ-АБАД БАТКАК КЕНИ
ЖАЛАЛ-АБАД БАТКАК КЕНИ – Жалал-Абад обл-ндагы чым көңдүү дары баткагы жаткан жер. Жалал-Абад ш-нан 5 км түш.-чыгыш тарапта, Айып-Тоонун батыш капталында, деңиз деңг. 1070–1075 м бийктикте. Кен эки башка саздак участкадан турат. Жалпы аянты 7520 м2. Эң үстүндө кумдуу топурак (калыңдыгы 0,2– 0,3 м), астында каралжын күрөң түстөгү эзилген чым көң баткагы (калыңдыгы 1,5 м) жатат. Дары баткактын 0,25 мм бөлүкчөлөр м-н булганышы 4,7%, өсүмдүк калдыктарынын чириши 82%ке жетет. Баткактын суюк ылайы 47– 78% ж-а ал сульфат натрийлүү, өтө карбонаттуу (коэфф. 0,18–0,89). Кристаллдык скелет 10,864–11,953%. Коллоиддик комплекс 10,717– 14,557. Запасы 20,2 миң т. Кендин ж-а ал жерден чыккан минералдуу суунун базасында Жалал-Абад курорту иштейт.