ЖАЛАЛ АД-ДИН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЛАЛ АД-ДИН М е ң д и м у р у н и б н А л а - а д - д у н и я а й - е д - Д и н А б у - л - Ф а т х М у х а м м е д (1198/99 – 17–20. 8. 1231, Айн-Дар айылы, Кавказ) – Хорезм шахы (1220-жылдан), О. Азиядан чыккан кол башчы­лардын бири. Чыңгызхандын аскери О. Азияга кол салганда, Ж. а.-Д. ага каршы бир нече жолу сокку берген. Моңголдор м-н алгачкы жолу Ыргыз д-нын боюнда беттешип, аларды жеңе турган болгондо, Жучу түндүн киришинен пай­даланып, талаага от жактырып, өзү чегинип кеткен (к. Моңгол басып алуулары, Моңгол им­периясы, Чыңгыз хан). Ала ад-Дин Мухаммед шах (Ж. а.-Д-дин атасы) Текешке жоонун ар­тынан кууп барып, талкалап салууну сунуш кылган, бирок моңголдордун «жеңилгенине» ишенген Ж. а.-Д. бул сунуштан баш тарткан­дыктан, кеңешчилери (вазир Шараф ал-Мүлк) андан алыстай баштаган. Пяндж д-нын жээк­теринде, Наса, Перван ш-на жакын жердеги сал­гылашууларда (Насада 300 колу м-н жоонун 700, Перванда Шиги Кутукту нойон баштаган жоо­нун 45 миң аскерин талкалаган) моңголдорду жеңген. Бирок, 1221-ж. ноябрда Синд д-нын жээ­гиндеги салгылашууда Ж. а.-Д-дин колу моң­голдордон жеңилип, өзү Индияга качууга арга­сыз болгон. 1224-ж. Кавказ аймагына келип, Иран м-н Месопотамияга жүрүш жасаган. 1225- ж. Армения м-н Грузиянын бир бөлүгүн ж-а Азербайжанды, 1226-ж. Тифлисти (Тбилиси) ка­раткан. Гарниге жакын жердеги салгылашууда 20 миң грузин жоокери өлгөн, 10 миңи колго түшкөн. 1227-ж. Исфахандын алдында моңгол­дор м-н кайрадан кездешип, жеңишке ээ бол­гон. Месопотамияга жүрүш жасап, 1230-ж. Хи­лат ш-н алган. Мындай тынымсыз согуштардан кийин жерг. уруулардын Ж. а.-Д-ге каршы наа­разылыгы күчөп, моңголдордон тымызын жар­дам сурашкан. 1231-ж. август айында моңгол­дор капыстан Ж. а.-Д-дин чакан кошуунун кур­чап калганда, жигиттери жоону алаксытып, аны жалгыз качырышкан. Бир ку рддун ү йүнө түшкөн жеринен өлтүрүлгөн.


Ад.: Абуль-Гази хан. Родословное древо тюрков. Казань, 1906; Ян (Чевецкий) В. Г. Чингиз хан. Л., 1954; Рашид ад-Дин. Сборник летописей. Т. 2. М.; Л.

1960; Бартольд В. В. Туркестан в эпоху монгольского нашествия // Соч., Т. I. М., 1961; Ошонуку эле. Хорезм шах. // Соч., Т. II. М., 1964; Восворт С. Е. Мусульманские династии. М., 1972; Ан-Насави Му­хаммад. Жизнеописание султана Джалал ад-Дина Манкбурны. Баку, 1973; Буниятов З. М. Государ­ство хорезм шахов – Ануштегинидов (1097–1231). М., 1986; Э. Турганбаев.