ЖАЛГАН ДМИТРИЙ 1
ЖАЛГАН ДМИ́ТРИЙ I [т. ж. б. – 17 (27). 5. 1606] – өзүн орус падышасы Иван IVнүн баласы Дмитриймин деп көрсөткөн саясий куйту; ал кечил Григорий Отрепьев деген маалыматтар бар. Ж. Д. Iнин орус тагына умтулушун поляклитва төбөлдөрү ж-а Северск жери м-н Смоленскини алууну көксөгөн Польша королу Сигизмунд III колдогон. Ж. Д. I католик динин жашыруун кабыл алып, Ватиканга орус чиркөөсүн баш ийдирүүнү убада кылган. Ж. Д. I дыйкандар м-н казак-орустардын антифеодалдык көтөрүлүшүнөн ж-а боярлардын падыша Б. Ф. Годуновдун жүргүзгөн саясатына нааразылыгынан пайдаланып, 1604-ж. күзүндө поляк-казак орус отряддары м-н Россияга кол салып, 1605-ж. 20-июнда Москваны ээлеген. Ж. Д. Iнин саясатынын элге каршы багыты нааразылык туудуруп, ал элдик көтөрүлүштүн убагында өлтүрүлгөн.