ЖАЛИЕВ
ЖАЛИЕВ Баатыр (15. 12. 1935-жылы туулган, Ош облусу, Кара-Суу району, Кашкар-Кыштак кыштагы) – живописчи, график, Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү (1993).


Фрунзе көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөн (1964). 1968-жылдан СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. 1977–1982-жылдары Кыргыз сүрөтчүлөр союзунун Ош облустук бөлүмүнүн төрагасы болуп иштеген. Өнөр жай, айыл- чарба темаларына арналган «Өнөр жайлуу Ош» (1966), «Ош курулуп жатат» (1972), «Хайдаркан комбинаты» (1974) аттуу чыгармаларды жараткан. Портрет жанрындагы «Тогуз коргоол» (1974) эмгеги Жалиевдин чыгармачылык чоң жетишкендиги болуп эсептелет. Ал – республикалык, бүткүл союздук жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу. Жалиевдин чыгармалары Г. Айтиев
атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт өнөр музейинде жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги өлкөлөрүнүн музейлеринде сакталуу. Медалдар менен сыйланган.