ЖАЛПАК КУРТТАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЛПАК КУРТТАР (Plathelmintes) – жөнөкөй түзүлүштүү курттар тиби. Денеси кош симмет-


риялуу, узун, жалпак. Уз. 0,2 ммден 18 мге че­йин жетет. Эркин жашоочуларынын денеси кир­пикчелүү эпителий м-н, мителериники ядросуз катмар (тегумент) м-н капталган. Мителеринин соргучтары бар. Ж. к. алгачкы ооздуу, алар­дын дене көңдөйү жок (органынын ортосу па­ренхима м-н толгон), үч түйүлдүк жалбыракча­лардан – экто-, энто­ж-а мезодермадан өөр­чүйт ж-а кан тамыр, дем алуу органдары жок.
Ж. к-дын ичинде киши ж-а жаныбарларга кор­кунучтуу мителер да бар. Алар морфол.-физиол. өзгөчөлүктөрүнө жараша 3 класска (кирпикче­лүүлөр, соргуч курттар ж-а тасма курттар) бөлүнөт. 12 500гө жакын түрү белгилүү. Деңиз­де, тузсуз сууда ж-а кургакта жашап, дээрлик көбү мителер.