ЖАМАНБАЕВ
ЖАМАНБАЕВ Муратаалы Жүзүмалиевич (23. 2. 1952, Чүй обл., Аламүдүн р-ну, Кара-Жыгач айылы) – физика-математика илимд. доктору (1999), проф. (2002). КМУну (1974), КР УИАнын Авто-

матика ин-тунун аспирантурасын (1980) бүтүргөн. 1976– 86-ж. КР УИАнын Автоматика ин-тунда инженер, ил. кызматкер, 1986–2000-ж. КАЧИде мугалим, КАУда кафедра башчысы, 2000– 01-ж. КРдин Билим берүү, илим ж-а мад-т министрлигинде Илим б-ча башкармалыктын башчысы, 2001– 06-ж. КРдин Өкмөтүнүн алдындагы Илим ж-а интеллектуалдык менчик
б-ча мамл. агенттикте башкармалыктын башчысы, КТМИде проф. болуп иштеген. 2006– 10-ж. И. Раззаков атн. КМТУнун ректору, 2010-жылдан проф. Суюктук, газ ж-а плазма механикасы тармагы б-ча адис. 50дөн ашык ил. эмгеги, а. и. 5 монографиясы жарык көргөн.
Эмг.: Методы фильтрационных расчётов в слоистых средах (в соавторстве). Ф., 1983; Фильтрационный расчёт хвостохранилища рудника Кумтор (в соавторстве) // Сб. науч. тр. БВКК. Б., 1999.