ЖАМАНОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАМАНОВ Сыдыкбек (1913, азыркы Нарын обл., Жумгал р-ну, Беш-Терек кыш. – 24.7.1993, Бишкек)

–драма артисти, Кыргыз ССРинин эл арт. (1958), Кыргыз ССР Токтогул атн. мамл. сыйл. лауреаты (1986). Ж. атайын билим албаса да, кыргыздын профессионал театр өнөрүн баштоочулар­дын катарында табигый та­ланты ж-а талыкпаган эм­геги аркылуу театр тарыхы­на из калтырган. Эмгек жо­лун 1936-ж. балдар театрын­да иштөө м-н баштаган, 1941-жылдан Кыргыз мамл. драма театрында иштеген.
Негизги ролдору: Каныбек, Курманбек (К. Жан­төшев, «Каныбек», «Курманбек»), Түлкү (К. Ма­ликов, А. Куттубаев, «Жаңыл»), Болот (А. Кө­бөгөнов, «Болот менен Тынар»), Ашырбай (Т. Абдумомунов, «Ашырбай»), Балбай (А. То­комбаев, «Өлбөстүн үрөөнү»), Субанкул (Ч. Айт­матов, «Саманчы жолу»), Яровой (К. Тренёв,


«Любовь Яровая»), Жолдош (Н. Байтемиров, «Уркуя»), Забелин (Н. Погодин, «Кремль курант­тары»), Бакай (Ж. Садыков, «Манастын уулу Семетей», «Сейтек») ж. б. «Илья Муромец», «Салтанат», «Менин жаңылыштыгым», «Алыс­кы тоолордо», «Токтогул», «Эрте жаздагы тур­налар», «Он үчүнчү башкарма» ж. б. кинофильм­дерге тартылган. «Өнөр өргө жетелейт» деген ме­муардык китептин ж-а бир нече пьесанын ав­тору.