ЖАМГЫР АЛТЫН КЕНИ
ЖАМГЫР АЛТЫН КЕНИ Жалал-Абад обл-нун Чаткал р-нунда, Талас кырка тоосунун түш. капталында, Кара-Касмак суусунун баш жагында, Кара-Буура ашуусунан 2,5 км түш.-батышта, деңиз деңг. 2700–3700 м бийикте жайгашкан. 1985-ж. табылып, 1987–92-ж. издөө-баалоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы пермдин граниттери, гранит-порфирлери м-н жирелген рифейдин граниттеринен, рифей-венддин кумдуктарынан ж-а алевролиттерден түзүлгөн. Алтын-кварцтуу тарамдар пермдин граниттеринин ичиндеги түн.-батыш багытка созулган жаракалар м-н байланышкан. Кенташ гидротерм процесстеринин натыйжасында пайда болуп, тарам тибине ж-а алтын-сульфид-кварцтуу формацияга кирет. Кенташтын негизги минералдары: пирит, халькопирит, арсенопирит, нукура алтын, галенит, нукура күмүш ж. б. Кенташтагы алтындын өлчөмү 11,93 г/т, күмүштүкү – 38,56 г/т, молибдендики – 0,14%. Алтындын запасы 19,329 т, күмүштүкү – 6,663 т.